• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
161 Категория: Главные новости - Published: 26/04 - 17:20

БИШКЕК, 26-апрель. — Eurasia Today. Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харрази «Eurasia Today» маалымат агенттигинде болду.

Саид Харрази аталган агенттиктин жетекчиси, редакторлору жана журналисттери менен жолугушуп, анын алкагында Иран менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер жана ММКнын эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин чындалышына өбөлгө түзүүсү тууралуу сөз болду.

Саид Харрази сөзүнүн башында Борбор Азия өлкөлөрү Иран Ислам Республикасы үчүн маанилүү экенине, тышкы саясатында да артыкчылыктуу орунда турарын ас белгилеп, Иран үчүн аймактагы болуп жаткан окуяларды жакындан таануу маанилүү экенине токтолуп, “Акыркы 30 жыл ичиндеги Борбор Азия өлкөлөрүндөгү окуяларга карасак, көптөгөн өлкөлөрдүн бул аймакка болгон кызыгуулары күндөн-күнгө артып жатканын байкоого болот. Аймактын өлкөлөрү күндөн-күнгө өнүгүп келе жатат жана бул Иран Ислам Руспубликасы үчүн маанилүү”, - деп билдирди.

Элчи жалпыга маалымдоо каражаттары заманбап коомдо, айрыкча, өлкөдө, региондо жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды туура жазууда жана көрсөтүүдө абдан маанилүү ролду ойной турганын баса белгип өттү.

Ирандын дипломаты андан аркы сөзүндө аймактын өлкөлөр менен болгон мамилесинде экономикалык кызматташтыкка  маани берерин баса белгилеп, бул кызматташуулардын ичинен Иран менен ЕврАзЭС экономикалык биримдиги менен мамилеси далилдүү мисал боло аларын айтты.

Ошондой эле ал Иран үчүн бардык тармактар маанилүү экенин, бирок экономикалык тармак өзгөчө кырдаалда тургандыктан, бул тармактагы мамилелерге маани берерине токтолуп өттү: “Акыркы бир жарым жылдын ичинде Иран менен ЕЭКтин ортосунда мамилелер кенейип, күндөн-күнгө кызматташуулардын өсүшүнө кызыгуу дагы көбөйүүдө. Буюрса, 2-3 айдан кийин Иран менен Евразия экономикалык биримдигинин ортосундагы эркин соода макулдашуусу боюнча сүйлөшүүлөр башталат. Бул Иран менен аймактын кызматташтыгындагы бир жаңы тепкич боло алат”, - деди.

Элчи акыркы бир жылдын ичинде пандемия экономикалык мамилелерге чон таасир тийгизгенин, ошондой эле Кыргызстандагы болуп өткөн саясий окуялар дагы өлкөнүн экономикалык тармагына таасир бергенин, буйруса жолдор ачылып, Иран менен Кыргызстандын мамилелеринин кенейишине үмүт артарын кошумчалап өттү.

«Eurasia Today»  агенттигинин жетекчиси Абольфазл Агахасани өз кезегинде атайын убактысын бөлүп келген элчиге ыраазычылык билдирип, агенттик эки мамлекеттин, эки элдин бири-бирин таануусуна салым кошууну уланта берерин билдирди.

Ал эми агенттиктин кыргыз жана орус редакцияларынын редакторлору Элчи мырзага өзү атайын келип, жамаат менен таанышкандыгы жана кызматташтык тууралуу сунуштарын айткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, элчиликтин ишмердүүлүгүн Кыргызстанда чагылдыруу жана жайылтуу иштерин аткарууга даяр экендиктерин баса белгилешти.

Жолугушуунун аягында Элчиге жана анын жардамчысы Каримян мырзага редакциянын жамааты Кыргызстандын жайлоосунун элеси түшүрүлгөн кийиз паннону белек кылышты.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети