• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
165 Категория: Главные новости - Published: 19/04 - 19:46

Өзбекстанга берилет делип жаткан 50 гектар жерди Кыргызстанда алып калуу талабы менен чыккан Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундарына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев барып жолугушту.

Бул тууралуу "Eurasia Today" агенттигинин Оштогу кабарчысы маалымдайт.

Ага чейин жашоочулар атайын кызматтын жетекчисин элге барып жооп берсин деген талап коюп жатышкан. Жолугушуу учурунда Ташиев чек ара боюнча буга чейин жетишилген келишимдер, макулдашуулар кандай болгону тууралуу айтып берди. Жергиликтүүлөр ал чечимдерге макул эместигин билдиришти.

Кара-Суу районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгине 4 боз үй тигилип, 100дөгөн жергиликтүү тургундар УКМКнын башчысы Камчыбк Ташиевди күтүп турушту. Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын тургундары эки мамлекеттин чек аралары толук чечилди дегенден бери 50 гектар жерди Өзбекстанга бербөө талабын айтып, жерди Кыргызстанга алып калуу керектигин билдиришип, нааразычылыкка чыгышкан.

Буга чейин чек ара маселеси боюнча Бишкектен келген атайын делегация жана облустук жана райондук жетекчилер түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө аракет кылышкан. Бирок алар маселени чечпегенин билген эл Ташиевдин өзүн келүүсүн суранышкан.

Чогулгандарга барган Ташиев алмашуу жолу менен чечилгени аткан чек ара маселесине башынан токтолуп, Кемпир-Абад боюнча кеп кылып, бул маселеге олуттуу карап, чагылчылдыкка алдырбоого чакырды. Бир метр жер берилбегенин айткан ал мындан сырткары, башка аймактардагы элдин көйгөйүн дагы ойлонуп коюш керектигин эскертти.

Атайын кызматтын жетекчиси илгертен бери чечилбей келаткан чек ара маселесин чечүүгө эми олуттуу кадамдар ташталып жаткан жакта кандай гана маселеде болбосун түшүнүү менен мамиле кылууну элден суранды.

Эл менен болгон жолугушуу эки саатка созулду. Бул аралыкта тургундар тарабынан да суроо-талаптар айтылды.

Эл менен болгон жолунушуудан кийин Ташиев жер алмашууга нааразы болгондордун талабын угуп, Ташкентке, дагы бир жолу барып келе турган болду.

"Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтайын. Элүү эмес, жыйырма гектарды. Мейлиби? 20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Ушул жерден токтойлу, берки жакка чыкпагыла дейин",-деди Ташиев.

Өзбекстанга берилет делген 50 гектар жер стратегиялык жактан маанилүү экенин жана элдин жайыты жана суунун башы болгондуктан, аны бербөө керектигин талап кылып келишет.

Эскерте кетсек, Өзбекстан менен быйыл 24-25-мартта Ташкентте сүйлөшүү жүрүп, чек ара 100 пайыз чечилгени жарыяланган.

Фото: Азаттык

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.71
-0.07
EUR
103.10
+0.62
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.15
+0.49
TJS
7.49
+0.01
TMT
24.23
+0.01
UZS
0.01
+1.25

Аба ырайы

 

+22°C Тегеран
+19°C Москва
+14°C Нур-Султан
+17°C Бишкек
+18°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+28°C Ашхабад
+21°C Ташкент

Соцсети