БишкектегиФирдоусиатындагыперсадабиятыборборуоңдоп-түзөөдөнкийиначылды(Фото)
- Подробности
- Категория: Главные новости
- Просмотров: 494
Бүгүн, 14-апрель Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Фирдоуси атындагы перс адабияты борборунун оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш аземи болуп өттү.
Бул тууралуу "Eurasia Today" агенттигинин корреспонденти жеринен маалымдайт.
Иш-чарага Ирандын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харрази, Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлү Парвиз Гасеми, Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашова, кыргыз жазуучусу Бегижан Ахмедов жана Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу факультетинин деканы Таласбек Машрапов катышты.
Иш-чара Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган “Кыргызстандагы перс тилинин II жумалыгынын” алкагында өткөрүлдү.
Анын алкагында борборго Москвадагы Ибн Сина фонду тарабынан орус тилине которулуп, басылып чыгарылган китептер тапшырылып, “Ирандагы Ислам Революциясынын жетишкендиктери” аттуу фотокөргөзмө өткөрүлдү.
Андан соң Маданий өкүл Парвиз Гасеми сөз сүйлөп, Улуттук китепкананын жетекчилигине, айрыкча Жылдыз Бакашовага ушул жылдар аралыгындагы жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Улуттук китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашова эки өлкөнүн ортосундагы жалпы руханий байланыштарга ишара кылып, Ирандын Бишкектеги элчилигинин жана маданий өкүлчүлүктүн эбегейсиз зор колдоосун жана жигердүү иш-аракетин баса белгилеп, алардын жигердүү ишмердүүлүгүнүн аркасында Кыргызстанда маданий-гуманитардык мүнөздөгү ири иш-чаралар жанданып, маданият, билим берүү жана илим жаатындагы ишмерлердин ортосунда туруктуу байланыштар түзүлгөндүгүн баса белгилеп өттү.
Ал Улуттук китепканадагы Ирандын элчилиги жана Маданий өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ачылган алгачкы борбор Фирдоуси атындагы борбор болгонун айтып өттү. Ошондой эле ал борбор Ирандын маданиятын, тилин жана каада-салтын жайылтуу боюнча жигердүү иш алып барарын кошумчалады.
Бакашова сөзүнүн аягында иран элчиси Саид Харразиге жана маданий өкүл Парвиз Гасемиге окурмандардын жана жалпы коллективдин атынан алардын Улуттук китепканага көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да жигердүү кызматташууга үмүт артаарын билдирди. Улуттук китепкананын директору сөзүн жыйынтыктоо менен жалпы коллективдин атынан Ирандын элчиси Саид Харразиге жана Маданий өкүлү Парвиз Гасемиге “Ыраазычылык сертификатын” тапшырды.
Ирандын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харрази өз кезегинде китепкананын директору Жылдыз Бакашовага жана Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу факультетинин деканы Таласбек Машраповго иш-чараны уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаранын конокторун Рамазан айы менен куттуктады.
“Ирандын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүк эпидемиологиялык кырдаалга карабастан, “Кыргызстандагы перс тилинин II жумалыгын” өткөрүп жатканына абдан кубанычтабыз. Перс тили жана адабиятынын экинчи жумалыгынын алкагында акыркы үч күндө БМУда, Маданий Өкүлчүлүктө жана Элчиликте бир нече иш-чаралар өткөрүлдү жана албетте, мындай иш-чаралар жана маданий программалар эки элдин жакындашуусуна өбөлгө түзөт”, - деди Харрази.
Ал Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 гана жыл болгонун, бирок кыргыз эли дүйнөдөгү эң байыркы элдердин бири жана өтө бай тарыхый тамыры бар экенин жана бул байыркы бай маданияттын бир бөлүгү Ирандын тарыхынын бир бөлүгү менен тыгыз байланышта экенин белгиледи.
“Келечектеги муун эки элдин маданий байланыштарын эстеп калуусу үчүн, маданий чөйрөдөгү кызматташтыгыбызды чыңдап, арттыруубуз керек”, - деди элчи.
Ал сөзүнүн аягында мындай жолугушуулар жана Фирдоуси атындагы борбордун ишмердүүлүгү жергиликтүү элдин иран калкы жана маданияты жөнүндө көбүрөөк билүүсүнө чоң салым кошорун кошумчалады. Ошондой эле ал келечекте мындай борбор Иранда да пайда болот деген үмүтүн билдирди.
Аталган маданий иш-чара Ирандын Маданий өкүлчүлүгү менен А. Осмонов атындагы китепкананын кызматташтыгы тууралуу видеоролик көрсөтүлгөн соң жыйынтыкталды.
Белгилей кетсек, 12-16-апрель күндөрү Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүк Бишкекте “Кыргызстандагы перс тилинин II жумалыгын” өткөрүүдө.
Анын алкагында 12-апрелде алгачкы иш чара Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде орун алып, ага Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази, Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси Парвиз Гасеми, Бишкек мамлекеттик университетинин биринчи проректору Дурус Козуев, К. Карасаев атындагы БМУнун Чыгыш таануу факультетинин кафедра башчысы, кыргыз-перс сөздүгүнүн түзүүчүсү Нурлан Балтабаев, перс тилинин мугалимдери, “Eurasia Today” агенттигинин аткаруучу директору Абольфазл Агахасани жана студенттер катышкан.
Валюта курсу
Аба ырайы