206 Категория: Главные новости - Published: 06/04 - 07:49

Кечээ, 5-апрель кечинде Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Бишкекке расмий сапар менен келди. Бул тууралуу "Eurasia Today" агенттигинин кабарчысы жеринен маалымдайт.

Ирандын ТИМ башчысын "Манас" аэропортунан Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин төртүнчү саясий департаментинин директорунун орун басары Сагынбек Ибраев тосуп алды. Маалым болгондой, Зариф 6-апрелде кыргызстандык кесиптеши Руслан Казакбаев жана Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен жолугушат. Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар эң актуалдуу жана стратегиялык маанилүү маселелерди талкуулап, аймактык жана эл аралык иштер боюнча пикир алмашат деп пландалууда.

Кыргызстандан кийин Зариф Казакстанга жөнөп кетет, ал жерде республиканын жогорку жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Ирандын тышкы иштер министринин Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган сапары Түркмөнстандагы жолугушууларды өткөргөндөн кийин аяктайт.

Буга чейин Ирандын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде өлкөнүн ТИМ башчысы Мухаммад Жавад Зариф Борбор Азия өлкөлөрүнө сапары менен барарын Твиттердеги баракчасынан билдирген. Зариф Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп 5-апрелде Өзбекстанга барган.

"Цивилизациялык, тарыхый жана маданий жалпылыктардын региону болгон Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилелерди өнүктүрүү Ирандын ар дайымкы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп келген. Зариф 5-8-апрель күндөрү Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстанга барат", - деп жазган Хатибзаде.

Ошондой эле ал Зарифтин бул сапарында эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкка басым жасаларын кошумчалаган.

Теги: