• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
58 Категория: Главные новости - Published: 05/04 - 12:41

АКШнын Иран боюнча өкүлү: Иран келишимге кайтса, Байдендин администрациясы санкцияларды жокко чыгарат.

АКШнын Иран боюнча өкүлү Роберт Мали эгер Иран өзөктүк келишимдеги милдеттенмелерин толугу менен аткарууга кайтып келсе, анда АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы келишимди бузуу менен Тегеранга каршы жарыяланган санкцияларды алып салат деп билдирди.
Бул тууарлуу “Ilna” агенттиги маалымдады.
Роберт Мали АКШнын мрунку президенти Дональд Трамптын администрациясы киргизген 500дөн ашуун санкциялар боюнча азыркы администрациянын планы кандай деген суроого, “Тегеран өзөктүк келишимдин артыкчылыктарын колдонууга укуктуу жана Вашингтон келишимге кайтып келүү үчүн киргизилген санкцияларды алып ташташы керектигин билет”, - деп жооп берди.
Ал Иран учурда өзөктүк келишимде болгон 2017-жылга салыштырмалуу 10 эсе көп байытылган уранга ээ экенин баса белгиледи.
АКШнын расмий өкүлү июнь айында боло турган Ирандагы президенттик шайлоонун алдында Тегеран менен Вашингтондун аталган келишимге кайтып келиши мүмкүн экенин, ошого карабастан, Америка Кошмо Штаттары үчүн өзөктүк келишимге туура кайтып келүү маанилүү экенин билдирди.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.57
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+23°C Тегеран
+6°C Москва
+1°C Нур-Султан
+21°C Бишкек
+21°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+22°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети