30 Категория: Главные новости - Published: 20/02 - 12:02

Ирандын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде АКШ өзөктүк келишимден чыккандан кийин “5+1” деп аталган топ жок, бир гана Иран жана “4+1” тобу бар деп билдирди.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. “Эскертүү: АКШ өзөктүк келишимден чыгып кеткендиктен улам “5 + 1” тобу жок. Азыр бир гана Иран жана “1 + 4” тобу бар. Өзөктүк келишимден Трамп чыккан. Символикалык кадамдар жакшы, бирок “5 + 1” тобун жандандыруу үчүн АКШ иш-аракет кылып, санкцияларды алышы керек. Биз дагы жооп беребиз”, - деп жазды Хатибзаде Твиттердеги баракчасына.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс АКШ Европа Биримдигинин чакыруусу менен Иран жана “5+1” форматындагы башка катышуучулар менен (Орусия, Улуу Британия, Кытай, Франция жана Германия) Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө катышууга даяр экенин билдирген.

“АКШ Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башчысы Жозеф Борреллдин Ирандын өзөктүк программасына дипломатиялык жол табуу маселесин талкуулоо үчүн боло турган Иран менен “5 + 1” тобунун жыйынына катышуу боюнча чакыруусун кабыл алат”, - деп билдирген Прайс.

Теги: