Жарыммиллионадамкөчөгөчыкты.Израилдинтарыхындагыэңиринааразылыкакциясы
- Подробности
- Категория: Главные новости
- Просмотров: 382
БИШКЕК, 13-март. — Eurasia Today. Израилде соттук реформага каршы митингге 500 миңдей киши чыкты. Бул өлкө тарыхындагы эң ири нааразылык акциясы болуп калды.
Бул тууралуу Times of Israel басылмасы акциянын уюштуруучуларына таянуу менен жазды.
Израилдиктер премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун өкмөтү сунуштап жаткан соттук реформага каршы нааразычылык акцияларын 10 аптадан бери өткөрүшүүдө.
Дем алыш күндөрү өлкөнүн борбору Тель-Авивде эле митингге 250 миң адам чыкса, Хайфада 50 миңге жакын, Раананда 9 миң, Кирьят- Онодо 3,5 миң адам көчөгө чыгышты.
Нетаньяхунун өкмөтү сот реформасы планын январдын башында жарыялаган: ага ылайык, Жогорку соттун судьяларын иш жүзүндө парламенттик көпчүлүк тандап калат. Өз кезегинде сот өкмөттүн чечимдерин жокко чыгаруу укугунан ажырайт.
Митингге чыккандар бул соттордун көз карандысыздыгын толук жоготууга алып келерин билдирсе, оппозиция бул реформа өлкөнүн демократиялык баалуулуктарына коркунуч келтирет деп эсептеп, бул боюнча мыйзам долбоорун толук артка кайтарууну же аны иштеп чыгууга каршы тараптын өкүлдөрүн да катыштырууну талап кылууда.
Ал эми Нетаньяху соттук реформа бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк түзөт деп эсептөөдө.
Реформага президент да каршы
Израилдин президенти Ицхак Герцог өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу 9-мартта элге жасаган атайын телекайрылуусунда сот системасын реформалоонун учурдагы долбоорун сынга алды.
Президент өлкө кыйын кырдаалда турганын, артка кайтууга болбостугун, аны менен бирге өкмөттүн юридикалык реформалардан баш тартуу зарылдыгын айтты. Ал саясатчыларды реформанын альтернативалуу вариантын иштеп чыгуу менен компромисс табууга чакырды.
"Бүгүн Израилде болуп жаткан окуя үрөй учурарлык. Жетишет, эл менин көз алдымда кантип бөлүнүп жатканын көрө албай калдым. Өлкөдө катастрофа болуп жатат", - деди президент.
Башкаруучу коалиция менен оппозициянын ортосунда мунаса издөө жөнүндө сөз кылган Герцог баарына ылайыктуу чечим табууга аракет кылып, талыкпай иштеп жатканын баса белгиледи.
"Мен багынбайм. Чечим табуу үчүн баарын жасайм. Муну азыр жасаш керек, анткени бизде убакыт жок", - деди ал.
Нааразылык акцияларын АКШ каржылап жатабы?
Израилдин өкмөтү сот реформасына каршы нааразылык акцияларын АКШ каржылап жатат деп айыптаганын Times of Israel гезити жазды.
"Бул нааразылык акциясы миллиондогон долларлар менен каржыланып, уюштурулуп жатат... Демонстранттарды ирээттүү түрдө чыгарып жаткан уюшкан борбор бар. Ташууларды, желектерди, сценаларды ким каржылап жатат? Бул бизге белгилүү", - деген өкмөттүн жогорку даражалуу аткаминеринин сөзүн келтирет басылма.
Нетаньяхунун айланасындагы дагы бир расмий өкүл аткаминер АКШ тууралуу айтып жатканын ырастады.
Валюта курсу
Аба ырайы