ЖККУнунБашкыкатчысыКыргызстанда.Жолугушууларжанаталкууланганмаселелер
- Подробности
- Категория: Главные новости
- Просмотров: 308
БИШКЕК, 10-март. — Eurasia Today. Кыргызстанга иш сапары менен келген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов президент Садыр Жапаров жана Коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен өз өзүнчө жолугушту.
Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчысы менен болгон жолугушууда аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо маселелери, ошондой эле Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.
Жапаров аймактагы коопсуздуктун гаранты болгон ЖККУнун алкагында кызматташууга Кыргызстан өзгөчө маани берерин белгиледи. Аскердик, маалыматтык жана гуманитардык мүнөздөгү чараларды координациялоо максатында Кыргызстан өз аймагында үстүбүздөгү жылы ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен "Бузулгус боордоштук-2023" машыгууларын өткөрүүнү пландаштырууда.
"Куралдуу чыр-чатактарда согуштук жана диверсиялык тажрыйбасы бар эл аралык террорчулар ар кайсы мамлекеттерде көчүп-конуп, террордук актыларды ишке ашыруу үчүн жарандарды жалдап жаткан коркунуч сакталууда. Буга биздин өлкөлөр да кабылып жатат. Буга байланыштуу мүмкүн болгон деструктивдик көрүнүштөргө өз убагында чара көрүү жана алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди күчөтүү зарыл. Өз кезегинде Кыргызстан өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатат”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.
Буга байланыштуу мамлекет башчысы ЖККУнун ШКУ, КМШ, БУУ жана башка эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк өз ара аракеттерди өнүктүрүү зарылдыгына басым жасады.
“Кыргызстан ЖККУнун ролун жана авторитетин жогорулатууга кызыкдар. Уюмда ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр бар”, - деп баса белгиледи Жапаров.
“Кыргызстан ЖККУнун ролун жана авторитетин жогорулатууга кызыкдар. Уюмда ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр бар”, - деп ал баса белгиледи.
Өз кезегинде Тасмагамбетов Уюмдун жакынкы келечектеги программалары жана артыкчылыктары, ошондой эле ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдыктар тууралуу маалымат берди.
Тараптар ЖККУнун алкагында бардык багыттар боюнча натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Андан соң ЖККУнун башкы катчысы Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен жолугушту.
Анын жүрүшүндө тараптар аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелерин, ЖККУ аскердик курамын өнүктүрүүнүн учурдагы маселелерин жана келечегин талкуулашканын министрликтен билдиришти.
Бекболотов Кыргызстандын коргоо ведомствосу белгиленген пландарды ишке ашырууга жана мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билгиледи.
Валюта курсу
Аба ырайы