• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
532 Категория: Главные новости - Published: 10/03 - 15:13

БИШКЕК, 10-март. — Eurasia Today. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандагы жумушчу сапарынын алкагында республиканын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бул тууралуу Минкабдын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетика, транспорт-коммуникация, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду.

"Эки өлкөнүн өкмөт башчылары өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин 2023-жылдын 26-27-январында Кыргызстанга   жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Акылбек Жапаров эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдө кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жана чек арага чектеш облустардын башчыларынын кеңешинин, ошондой эле өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин маанилүү ролун баса белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылы өз ара соода жүргүзүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Абдулла Арипов кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө жана кеңейтүүгө жана жалпысынан өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырастады.

«Өз ара сооданын көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар жана ири биргелешкен долбоорлорду, атап айтканда, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушун тез арада ишке ашырууга умтулабыз», - деди Арипов.

Эске салсак, январь айынын башында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетиктери Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун "жол картасына" кол коюшкан. 

Кыргызстан бийлигинин айтымында, “Камбар-Ата-1” иштеп калса, Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайдалуу болот.

"Камбар-Ата-1" жана "Камбар-Ата-2" станциялары толугу менен ишке кирсе 1 000 мегаватт энергия өндүрөт, бул көлөм азыркы Токтогул ГЭСи чыгарып жаткан энергиянын көлөмүнө барабар болот.

Камбар-Ата-1ден жылына 5,6 миллиард киловатт-саат энергия өндүрөрү күтүлүп жатат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+9°C Ташкент

Соцсети