• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
×

Ошибка

Request timed out.
239 Категория: Главные новости - Published: 27/01 - 16:34

БИШКЕК, 27-январь. — Eurasia Today. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн чек ара маселесине чекит коюлду.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусу бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясын өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстанга Өзбекстан ынак коңшу, чыныгы дос жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш экенин айтты.

Ошондой эле, Жапаров менен Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасындагы маселеге да токтолушту.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстан чек араларды делимитациялоо процессинин аягына чыкканын билдирди.

“Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк.
Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем”, - деди Жапаров.

Буга кошо, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери чек аранын айрым тилкелери боюнча макулдашуу боюнча ратификациялык грамоталар менен алмашышты.

Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан менен Өзбекстан кол коюп, ратификациялаган.

Мындан тышкары, Жапаров 16-февралда кыргыз-өзбек дипломатиялык мамилелеринин орногунун 30 жылдыгы белгиленээрин айтты.

Өз кезегинде, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев бир канча жылдардан бери ишке ашпай келе жаткан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу долбооруна өзгөчө көңүл бурулаарын билдирди.

Ошондой эле Мирзиеёв чек ара маселеси бир жактуу болгон соң, кыргыз-өзбек мамилеси жаңы баскычка көтөрүлөөрүн кошумчалады.

Эки өлкө лидерлеринин ортосунда кеңири камтылган стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюлду.

Жалпысынан 24 документке кол коюлду:

1. КР министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
2. КР Каржы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын экономика жана каржы министрлигине караштуу бажы комитетинин ортосундагы өз ара сооданын бажы статистикалык маалыматтары менен алмашуу жаатында өз ара аракеттенүүнүн тартиби жөнүндө Протокол;
3. КР каржы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын экономика жана каржы министрлигине караштуу Бажы комитетинин ортосундагы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын каржылык шектүү операцияларды жүргүзүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу жаатында кызматташуу жөнүндө Протокол;
4. КР Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик менен Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
5. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстандын Жаштар саясаты жана спорт министрлигинин ортосундагы жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
6. Эки өлкөнүн Энергетика министрлигинин ортосундагы энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
7. Эки өлкөнүн энергетика министрлигинин ортосундагы көмүр өнөр жайы жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө Макулдашуу;
8. КР Экономика жана коммерция министрлиги менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы өнөр жайдын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
9. Эки өлкөнүн ортосундагы 2017-жылдын 6-сентябрындагы КР Өкмөтүнүн чек арага жакын райондорунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Өзбекстандын чек арага жакын облустарынын хокимдеринин кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;
10. 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери тууралуу келишимдин ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө Протокол;
11. 2006-жылдын 3-октябрындагы эки өлкөнүн өкмөтүнүн Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протокол;
12. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын кеңири майрамдоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы;
13. КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстандын Жизак облусунун Хокимияты ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
14. Эки өлкөнүн өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерция техникаларын өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
15. 2023-2025-жылдарга карата КРнын Министрлер Кабинети менен Өзбекстандын Өкмөтүнүн ортосундагы стратегиялык соода-экономикалык өнөктөштүк программасы;
16. КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
17. Эки өлкөнүн айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
18. КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстандын Жизак облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
19. КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстандын Фергана облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
20. КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстандын Наманган облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
21. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстандын Анжиян облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
22. Эки өлкөнүн Энергетика министрлигинин ортосундагы Чаткал ГЭС каскадын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандуму;
23. Бизнес-форумдун алкагында кол коюлган документтер:  
24. “Дастан ТНК” ААКсы менен «TOSHELECTRAPPARAT» ЖЧКсынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору (АСКУЭ электр эсептегичтерин чыгаруу боюнча);
25. КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстандын Фергана облусундагы “Baxodir Log'on Tekstil” (ЖЧК) биргелешкен ишканасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу долбоору.

Эске салсак, кечээ, 26-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Делегациянын курамында Мирзиеёвдин жубайы Зироатхон Хошимова да бар. Аларды “Манас” эл аралык аэропортунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова тосуп алган.

Өзбек президенти Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында алгач “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, 1916-жылы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине гүлчамбар койду.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+4°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети