• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
278 Категория: Главные новости - Published: 27/01 - 10:50

БИШКЕК, 27-январь. — Eurasia Today. Кечээ, 26-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди.

Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёевди жана анын жубайы Зироатхон Хошимованы “Манас” эл аралык аэропортунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен тосуп алышты.

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото ардактуу кароол тизилген.

Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз артисттеринин коштоосундагы концерттик программаны көрүштү.

Министрлер Кабинетинен билдиришкендей, өзбек президенти Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында алгач “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, 1916-жылы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине гүлчамбар койду.

Иш-чарада өзбек лидерин Министрлер Кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров коштоп жүрдү.

Белгилей кетсек, бүгүн, 27-январда Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев тар жана кеңири курамда эки тарапты кызыктырган маселелердин кенен топтомун жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.

Анын алкагында, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+4°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети