ОСАГО:Унааныкамсыздандыруунунпайдасыжанатобокелчилиги
- Подробности
- Категория: Главные новости
- Просмотров: 327
БИШКЕК, 25-январь. — Eurasia Today. Кыргызстанда 1-апрелден тарта унааларды милдетүү түрдө камсыздандыруу боюнча мыйзам күчүнө кирет. Буга байланыштуу апрелге чейин жарандар өз унааларын камсыздандырууга милдетүү.
Ал эми бул убакытка чейин камсыздандыруу полисин албагандарга мамлекет тарабынан айып пул салынат.
Тактап айтканда, ОСАГО полиси жок айдоочулар 3000 сом жана полис албаган юридикалык мекемелерге 13 000 сом айып салынат.
Кыргызстанда автоунааларды камсыздандыруу боюнча мыйзам негизинен 2015-жылы эле кабыл алынган. Бирок, ар кандай себептерден улам артка жылдырылып отуруп, 2016-жылы 7-февралда гана күчүнө кирген.
Ал эми бул мыйзам жарыялангандан бери коомчулук арасында кайчы пикирлер айтылып, нааразычыктар пайда боло баштады.
Жарандар эл кымбатчылыкты башынан өткөрүп жаткан учурда унааны милдетүү камсыздандыруунун кажети жок экенин айтышууда.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму эмне дейт?
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бардык жеке жана юридикалык жактар бирдей тарифтин негизинде камсыздандырыларын билдирет.
Ошондой эле, кенемте төлөө 100 пайыз мамлекет тарабынан кепилденген. Бардык иш мыйзам чегинде аткарылгандыктан жарандардын кооптонуусуна эч кандай негиз жок экенин да билдиришти.
Белгилей кетсек, мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2015-жылы түзүлгөн. Анын негиздөөчүсү мамлекеттик мүлк фонду.
Өкмөт киргизген милдеттүү унааларды камсыздандыруу мыйзамы турууалуу
Камсыздандыруу полисинин базалык баасы — 1 680 сомдү түзөт. Бул сумма унаанын тиби, айдоочунун стажы жана жаш курагы, кырсыкка учурабай айдаган стажы, техникалык кароодон өткөн-өтпөгөнү жана камсыздандыруунун мөөнөтүнө жараша өзгөрөт.
ОСАГО полиси эмне берет?
Айдоочу унаасын камсыздандырган учурда, кырсык болгон чакта көйгөйдү камсыздандыруу компаниясы менен чече алат. Алар алган жаратын жана унаага келтирилген зыянды толугу менен эсептеп, каражатты 1 ай, тактап айтканда 30 күндүн ичинде төлөп берүүсү шарт.
Дагы бир маанилүү жагдай, камсыздандыруу компаниясы жабыр тарткан гана тараптын чыгымын төлөйт. Ошондой эле, алар кенемтени 450 долларга чейин гана төлөйт. Бул суммадан ашып кеткен жагдайда, калган чыгымды күнөөлүү тарап өз мойнуна алат.
Автоунаа ээси канчалык жаш жана тажрыйбасы аз болсо, ошончо көп акча төлөйт.
Тактап айтканда, айдоочу 25 жашка чейин куракта болуп, 3 жылга чейин айдоо стажы болсо — 1,4 коэффициенти;
25 жашка чейин, 3 жылдан ашык айдоо стажы болсо — 1,3 коэффициенти;
Жашы 25тен өтүп, айдоо стажы 3 жылга чейин болсо — 1,2 коэффициенти;
Жашы 25тен өтүп, айдоо стажы 3 жылдан ашык болсо — 1 коэффициенти пайдаланылып эсептелет.
Белгилей кетчү жагдай, эгер автоунаа чет өлкөдө катталган болсо, полис 2,2 коэффициенти менен эсептелет.
Айдоочу унааны колдоно турган дагы бир канча кишини каттай алат жана айдоочулар камсыздандыруу полисин каалаган мөөнөткө ала алат.
Ошондой эле, бир эле унааны бир нече адам айдай турган болсо, анда полистин баасы жогорулайт. Буга кошо айдоочу жол эрежесин бузбай, кырсыкка кабылган эмес болсо, кийин полистин баасы арзан болот.
ОСАГО полисин алууда автотранспорт каражатынын диагностикалык карта алган-албаганы да эске алынат. Алсак, диагностикалык картасы жоктор полисти кымбатырак алат.
Полиси бар адам жол кырсыгынан каза болуп калса — 300 миң сом;
I топтогу майып болуп калса — 200 миң сом;
II топтогу майып болуп калса — 150 миң сом;
III топтогу майып болуп калса — 100 миң сом;
Бала майып болуп калса, 200 миң сом берилет.
Ал эми жаракат алып, ден соолугуна залака тийип калган учурда жабырлануучунун амбулатордук, стационардык дарыланууга кеткен чыгымы төлөнөт, бирок 100 миң сомго чейинкиси гана. ОСАГО полиси бар автоунаа кырсыктаса 150 миң сомго чейин төлөнөт.
Жеке кызыкчылык үчүн атайын уюштурулган кырсык учурда кенемте төлөнбөйт. Бул тууралуу “АНТ полис” сактандыруу департаментинин директору Нурсултан Амантуров билдирди.
“КР ОСАГО боюнча мыйзамына ылайык, полистеги көргөзүлгөн автоунаадан башка унааны айдап бара жатып үчүнчү жактын мал-мүлкүнө же болбосо ден соолугуна зыян келтирсе, айдоочу мелдеш, жарыш учурунда жаракат алып же унаага чыгым келсе, өзүнө же болбосо айдоочунун жакындарынын мүлкүнө зыян келтирилген учурда компания кенемте төлөп бербейт”, - деди ал.
Ошондой эле, Амантуров айдоочулардан унаа камсыздандырууда кандайдыр бир жеке кызыкчылыктарды көздөбөөгө чакырды.
“Азыр коомчулукта бул мыйзамдын ишке кирүүсү боюнча ар кандай пикирлер айтылууда. Ошондуктан, ар бир айдоочу буга жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек. Убакыт да тар болгондуктан азыр жарандардын ыңгайы үчүн ар бир регионго камсыздандыруу ишканалары, өкүлчүлүктөр ачылууда. Эл арасында буга каршы чыккандар болуп жатат, бирок ОСАГОнун айдоочуларга пайдасы чоң. Анткени, алар кырсыкка учураган кезде ортого ортомчуларды салып, насыя алып, карыз болуп калган учурлар көп кездешет. Ал эми мындай жагдайда ОСАГО айдоочунун чыгымын төлөп, маселени жеңил чечүүгө жардам берет. Ошондой эле, төлөмдөр өз убагында төлөнөт”, - деп түшүндүрдү Амантуров.
ОСАГО мыйзамына коомчулуктун пикири
Ал эми интернет колдонуучулары анын ичинде айдоочулар унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча мыйзамды сындап, каршы чыгууда.
Алар, бул мыйзамды кабыл алардан мурда өкмөт коомдук талкууга чыгарып, анан кабыл алуусу керектигин айтышууда. Көпчүлүк айдоочулар, бул мыйзамдын иштөөсүнөн күмөн саанаарын айтса, кээ бирлери милдетүү түрдө кылып, бийлик элди мажбурлап жатканына нааразы.
ОСАГО мөөнөтүн жылдыруу сунушталды
Коомчулук азыр бул боюнча депутаттарга кайрылып, унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамын дагы 3-5 жылга жылдыруунун суранышууда. Ошондой эле, алар милдеттүү түрдө эмес, ыктыярдуу түрдө болуусун айтышууда.
Акыркы күндөрү Жогорку Кеңештин жыйынында ОСАГО полиси боюнча маселе күндүн темасына айланды.
Алсак, кечээ, 24-январда, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов унааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча мыйзамдын аткарылышын 2025-жылга жылдыруу сунушун киргизди.
Депутаттын айтымында, азыр эл кыйналып турат, ошондуктан, ОСАГО мыйзамын кийинкиге жылдырбаса, коомчулук арасында нааразычылыктар күчөп кетиши мүмкүн. Ошондой эле, эл өкүлү камсыздандыруу милдеттүү эмес, ыктыярдуу түрдө болушу керектигин да кошумчалады.
Мындай пикирге депутат Дастан Бекешев да кошулуп, унааларды милдетүү түрдө камсыздандырууга эл да, компаниялар да даяр эмес экендигин айтты.Анын айтымында, 1-апрелге чейин айдоочулардын баары ОСАГО полисин алып жетише алышпайт.
“1-апрелге чейин айдоочуларды милдеттүү түрдө полис алсын деп жатат. Албаса айып салынат. Мындай учурда миңдеген айдоочуну каттоого компанияларда жетишпей калат. Ошондуктан, бул мыйзамды дагы толуктап, кийинки жылдарга жылдыруу керек”, - деди Бекешев.
Ал эми, эл өкүлү Нуржигит Кадырбов камсыздандыруучу компаниялардын бардык айдоочуларга полис берүү үчүн техникалык шарты жок экенин белгиледи.
"ОСАГО полисин алуу бир топ түйшүк жаратат. Азыр эл буга даяр эмес. Кезек күтүүнү айтпаганда эле, керектүү документтерди чогултуу үчүн канча убакыт кетет. Бул маселеде ортодо шылуундар пайда көрүп кетпесине кепилдик жок.
Буга кошо, кырсык болгон учурда төлөм алуу кыйындайт. Ошондуктан, бул мыйзамды жылдырыш керек, же камсыздандыруу ыктыярдуу болушу зарыл шарт", - деди Кадырбеков.
Депутаттар элдин нааразычылыгынан улам митинг чыгып кетиши мүмкүн деп кооптонууда. Эми элдин көйгөйү менен депутаттардын сунушу эске алынабы жокпу азырынча белгисиз.
Кыргызстандагы камсыздандыруу компаниялары
Ушул тапта Кыргызстанда айдоочуларга полисти 10 камсыздандыруу ишканасы берип жатат. Алардын бирөө мамлекеттик калганы жеке менчик компаниялар.
“Камсыздандыруу боюнча мамлекеттик уюм”, "СК "Алма Иншуренс" жабык акционердик коому, "СК "Атн полис" ЖАКы, НСК ЖАКы, "СК "Арсенал-Кыргызстан" ЖАКы, "СК "Аю Гарант" ЖАКы, "Мега Иншуренс Групп" ЖАКы, Jubilee Kyrgyzstan, Insurance Company ЖАКы, СК "Кыргызстан" ЖАКы, "СК "А Плюс" ЖАКы.
Валюта курсу
Аба ырайы