• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
504 Категория: Главные новости - Published: 21/01 - 12:14

БИШКЕК, 21-январь. — Eurasia Today. Акыркы учурларда Бишкек шаарындагы коомдук жайларга жана мектептерге  «бомба коюлду» деген маалыматтар абдан көп түшүп жатат.  

Алсак, кечээ, 20-январда борбор калаадагы 2 мектеп жана 2 лицейге жардыруучу зат орнотулганы тууралуу маалымат тараган. Ал эми бир канча убакыттан соң, айрым ЖМКлардын мекемесине да бомба коюлганы айтылган. Бирок бул маалыматтардын баары жалган болуп чыгып, бири дагы тастыкталган жок.

Учурда бул боюнча укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрүүдө.  

Мындай коомчулукту чочулаткан билдирүүлөрдүн негизги максаты кандай жана анын себептери тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков менен маектештик.

- Саламатсызбы, Артур Медетбеков! Мектептерге жардыруучу зат коюлду делген маалыматтар аябай көбөйдү. Мунун себеби эмнеде болушу мүмкүн?

- Саламатсыздарбы, мына акыркы 5 жыл аралыгында өзгөчө жай, күз айларында коомдук жайларда, мектептерде телефон аркылуу жардыруучу зат тууралуу маалымат келип түшкөн учурлар кездешүүдө. Айрыкча, жай айларында психикалык жактан жабыркаган өспүрүмдөр өзүнүн мүнөзүн, абалын ушундай амал менен түшүндүрүп, коомго көрсөтүү үчүн жалган маалымат берген учурлар практикада көп кездешет.

Өспүрүмдөр жардыруучу зат тууралуу жөнөкөй эле мектепке барбаш үчүн же болбосо мугалимдерге каршылык көрсөтүп, сабакты үзгүлтүккө учуратуу, кээ бир учурда ал мектепте кордук көрүп жүргөн бала болсо аларды коркутуу максатында да болушу мүмкүн. Мындай жагдайлар балдарга жакшы көңүл бурулбагандыктан, тарбиянын жетишсиздиги жана азыркы интернеттин кол жетимдүүлүгүн туура эмес пайдаланып, терс маалыматтарды алуусу себеп болот. Ошондой эле, буга агрессия, коомдогу кылмыштуулуктун да терс таасири тийет.

Бирок мындай жалган маалыматтардын башка максаты да болушу мүмкүн. Айтайын дегеним, кандайдыр бир уюмдун мүчөлөрүн коркутуп-үркүтүү үчүн, жеке бирөөнүн тапшырмасын аткарып, айрым учурда бизнеске тоскоол болуу максатында да болушу ыктымал.  

- Буга террордук топтордун тиешеси бар болушу мүмкүнбү?

- Террорчулар эч качан өздөрүнүн иши, тактап айтканда, бомба же мина коюлган жерди өздөрү айтпайт. Ошондуктан, мындай билдирүүлөрдүн максаты болушу мүмкүн. Алар, укук коргоо органдарынын даярдыгын, кандай реакция кылаарын байкоо үчүн же болбосо кандай куралдары бар экенин, кандай чара колдоноорун билүү максатында жалган билдирүү жасашы ыктымал.

Дагы бир жагдай, террордук топтор коомчулуктун жана күч түзүмдөрүнүн көңүлүн башка тарапка буруп, алдын ала пландалган башка жерди жардырган учурлар да практикада болгон.

Ошондой эле, мамлекеттик кызматта иштеп, өзүнүн атын чыгаруу максатында да өзү бомба тууралуу маалымат берип, кийин элге «баатыр» болуп көрүнүү үчүн өзү бомбаны таап чыккан учуларда кездешкен. Кээ бир учурларда кандайдыр бир топ тууралуу коомчулуктун пикирин өзгөртүү максатында да бомба тууралуу жалган маалыматтар тараган учурлар болгон.

- Минтип коомчулукту чочулатып, жалган маалымат бергендерге кандай чара көрүлөт?

- Азыр эми бомба тууралуу маалыматты окуучулар таратууда. Алар интернеттен туура эмес маалыматтарды окуп алып, өздөрү канчалык коркунучтуу ишке барганын да билбей калышууда. Албетте, мындай жагдайдарлар укук коргоо органдары тарабынан тыкыр көзөмөлдөнүп, атайын чаралар көрүлөт. Туура эмес маалымат тараткандар сөзсүз түрдө мыйзамга ылайык жазага тартылат. Мыйзам боюнча аларга атайын бир өлчөмдөгү айып пул каралган. Ошондой эле, кылмыштын өзгөчөлүгүнө карата 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.  

Алдыда дагы мындай жагдайларга жол бербөө үчүн мектеп окуучулары менен чоңдор арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларга мындай кооптуу иштердин артында жоопкерчилик да жатаарын эскертүү керек. Айрыкча, өспүрүм курактагы балдарга өзгөчө көңүл буруу керек. Ошондой эле, алардын интернетти колдонуусун да көзөмөлдөө шарт. Мисалы, ошол эле Америкадагы жана Россиядагы мектептердеги атышуулар да алардын психологиясына терс таасир тийгизиши мүмкүн.

- Мына ушул акыркы билдирүүлөрдү эске алганда Кыргызстанда жардыруу коркунучу барбы?

- Кыргызстанда мындай жагдай болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт жана буга чейин теракт учурлары болгон. Эң башкысы жалган маалымат болгон учурда дагы укук коргоо органдары ишти так жана кылдат иликтеп чыгуусу керек.  

Кыргызстанда акыркы 20 жылда болгон теракттар

Эске салсак, 2002-жылдын 27-декабрында «Дордой» соода комплексиндеги «Оберон» базарында жардыруу болуп, ошол кездеги бийлик аны теракт деп атаган. Анын кесепетинен 9 киши каза болуп, 50дөй жаран жаракат алган.

2003-жылдын 8-майында Ош шаарында акча алмаштыруучу жайда жардыруу болуп, жайдын бир кызматкери ооруканага жетпей көз жумган.

2010-жылдын 30-ноябрында Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда жарылуу болгон. Ал жерде ошол күнү 7-апрелдеги (2010-жыл) атышуу боюнча соттук отурум болуп жаткан. Жардыруудан 4 киши жаракат алган. Терактты «Жайшуль-Махди» тероррдук уюму уюштурганы аныкталган.

Ушул эле уюмдун дагы бир ишке тиешеси бар экени аныкталган. 2011-жылдын 4-январында 4 милиция кызматкери каза тапкан. Алар рейд учурунда кылмышка шектүү топту аныкташкан. Арашан айылында шектүүлөрдү кармоо боюнча атайын операцияда алардын экөө өлтүрүлүп, бирөө колго түшкөн. Бирок, операция учурунда «Альфа» атайын күчүнүн аскери каза болгон.

2016-жылдын 30-ноябрында Кытайдын Бишкектеги элчилигинде жардыруу болгон. Андан бир киши каза болуп, үч жаран жарадар болгон.

Маектешкен: Хамраева Элиза

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+4°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети