КыргызстанмененӨзбекстанбиргелешипавтоунаачыгарат
- Подробности
- Категория: Главные новости
- Просмотров: 388
БИШКЕК, 20-январь. — Eurasia Today. Чүй облусунун Ак-Суу айылында өзбек тарап менен биргеликте автоунаанын 19 түрүн (микроавтобус, пикап, жеңил унаа) чыгара турган завод куруу пландалууда. Бул тууралуу kun.uz. сайты жазды.
Интернет-басылманын маалыматына караганда, ишкана кыргыз жана өзбек тараптын катышуусунда түзүлөт.
Завод жылына 3 миң автомобиль чыгарууну, аны акырындап 30 миңге жеткирүүнү пландоодо.
Заводдун курулушу боюнча келишимге өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапары учурунда кол коюу паландалууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, унааларды Кыргызстандын «Нур» жана «ДТ Техник», ошондой эле «Узавтосаноат» мамлекеттик ишканалары чыгарат.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен жакынкы арада келери пландалып жатканын 19-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирген.
Эске салсак, Мирзиёев Кыргызстанга 2022-жылдын 10-декабрында келери айтылып, бирок келбей калган. Кыргыз тарап ал жыл аягына чейин келерин кабарлаган.
Валюта курсу
Аба ырайы