ЭмиКыргызстандаөндүрүлгөнкашемирЯпония,АКШжанаЕвропаөлкөлөрүнөэкспорттолот
- Подробности
- Категория: Главные новости
- Просмотров: 361
БИШКЕК, 19-январь. — Eurasia Today. Бишкек шаарында тыбыт, топоздун жана төөнүн жүнүн кайра иштетүүчү "Кыргыз Кашемир" деп аталган жаңы цех ачылды.
Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы жана АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Цехте USAID аркылуу АКШ өкмөтүнөн берилген жаңы жабдуулар орнотулган. Анын жардамы менен компания жылына 80 тоннага чейин жогорку сапаттагы буланы өндүрүп, Кыргызстандан кашемирди экспорттоону көбөйтүүнү көздөп жатат. Натыйжада, жүздөгөн үй-бүлөлөрдүн кирешеси да көбөйүшү күтүлөт.
Ишкана “Бишкек эркин экономикалык аймагынын” аянтында ачылып, анын ачылыш аземине Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жана башкалар катышты.
"Тыбытты Кыргызстандын алыскы аймактарындагы дыйкандардан чогултабыз. Өндүрүшүбүз мындан дагы көбүрөөк үй-бүлөгө экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт", - деди "Кыргыз Кашемир" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Сай Белохлавек.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошо турган, инвестиция жасай турган бардык инвесторлорго, өнөктөштөргө жана досторго ар дайым эшик ачык экенин белгиледи.
“Кыргызда багылган эчкилердин тыбыты технологиялык сапаты боюнча КМШ мамлекеттеринде көп суралып турат. Демек, өлкөбүз чийки зат базасына жана зор потенциалга ээ. Ишкананын ачылышы фермерлердин кирешесин көбөйтөт, текстиль жана токуу тармагын өнүктүрөт, тыбыт тараганга, чогултканга аялзаты жумуш менен камсыз болот, элдин социалдык-экономикалык бакубаттуулугун жогорулатууга түрткү болот” – деди Төрөбаев.
“Кыргыз кашемир” ЖЧКда 100 адам жумуш оруну менен камсыз болгон. Бул ишканага Нарын, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын фермерлери тыбыт жөнөтөт. Фермерлерден ишкана жылына 2 млн долларга жакын чийки зат сатып алат. Андан ары өндүрүлгөн кашемир АКШ, Канада, Италия, Англия, Германия, Австралия, Россия, Япония сыяктуу бир катар өлкөлөргө экспорттолот.
Ишкана Европанын сапаттуу кийим өндүрүүчүлөрүнө кыргыз кашемирин экспорттоо үчүн чабандарды окутуп, кайра иштетүүнүн инновациялык ыкмаларын киргизет.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери өз кезегинде "Кыргыз кашемир" Кыргызстандагы USAID аркылуу АКШ тарабынан колдоого алынган көптөгөн ишканалардын бири экенин белгиледи.
"Акыркы төрт жыл ичинде биз 120дан ашык кыргызстандык бизнестин өсүшүнө, сатуунун көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы рынокторго чыгууга жана эң негизгиси 18 миңден ашык туруктуу жана сезондук жумуш орундарын түзүүгө жардам бердик", - деди дипломат.
Белгилей кетсек, "Кыргыз Кашемир" ишканасы үчүн жабдуулар USAIDдин беш жылдык “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун алкагында берилди. Жалпы бюджети 23 миллион долларды түзгөн долбоор жеңил өнөр жай, азык-түлүк өндүрүшү, айыл чарба, маалымат технологиялары, каржы жана башка тармактардагы кичи жана орто ишканаларга колдоо көрсөтөт.
Долбоор Кыргызстанда жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн ишканаларга өндүрүшүн кеңейтүүгө жана сатууларын көбөйтүүгө жардам берет. 2018-жылдан бери аталган долбоор аркылуу USAID өлкө боюнча 120дан ашык бизнеске колдоо көрсөткөн.
Мындан тышкары, USAIDдин ишкердикти жана бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү боюнча долбоорунун алкагында «Кыргыз кашемир» өндүрүштү баштоо боюнча консультациялык жардам алган.
Валюта курсу
Аба ырайы