• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
188 Категория: Иран - Published: 29/04 - 15:08

БИШКЕК, 29-апрель. — Eurasia Today.  АКШ Иран менен өзөктүк келишимге кайтып келүү мүмкүн деп эсептейт.

Бул тууралуу АКШнын президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан шаршемби күнү MSNBC каналына берген маегинде билдирди.

“Биз акыры Ирандагы өзөктүк келишимге кайтып келерибизге ишенебиз. Канааттануу принцибине ылайык, биз Иран менен узак мөөнөттүү туруктуу келишимге бара жатабыз", - деди АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси.

Иран Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планы боюнча макулдашууну калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдө, биринчи кезекте АКШнын келишимден бир тараптуу чыгып кеткенден кийин Тегеранга каршы киргизген санкцияларды алып салышын талап кылууда. Ал эми АКШ Иран келишим боюнча өз милдеттенмелерин толугу менен аткарууга кайтып келишин каалап турат.

Эскерте кетсек, өзөктүк келишим боюнча Биргелешкен Комиссиянын акыркы жыйыны 27-апрелде саясий лидерлердин деңгээлинде өтүп, анын мүчөлөрү АКШнын өзөктүк келишимге кайтып келүү жана келишимге байланыштуу санкцияларды алып салуу максаты менен сүйлөшүүлөрдү улантышты.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети