• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
21 Категория: Иран - Published: 22/02 - 13:14

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Саид Хатибзаде Иран менен АКШнын ортосунда түздөн-түз диалог жүргүзүлдү деген маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги жазды. Хатибзаде Иран бийлиги америкалык туткундарды бошотуу боюнча түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөнүн, бирок АКШнын кызыкчылыгын коргогон Швейцариянын элчилиги жана кээ бир башка өлкөлөрдүн айрым тышкы иштер министрликтери  аркылуу АКШнын жаңы администрациясынан туткундарды алмашуу боюнча кээ бир билдирүүлөр алынганын билдирди.

Ошол эле учурда, ал АКШда мыйзамсыз кармалган Ирандын жарандарын бошотуу Ислам республикасынын приоритеттүү милдети деп кошумчалады. Буга чейин жекшемби күнү АКШнын президентинин Улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливан АКШ Иран менен туткундар маселеси боюнча байланышты баштаганын жана аны улантарын билдирген. Ал туткундардын кайтып келишин АКШнын жаңы администрациясынын эң башкы приоритеттеринин бири деп мүнөздөгөн.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети