Кечээ, 16-август күнү Кызыл-Кыя шаарында турак үйдүн жанындагы навес жана мал сарай өрттөнүп, саат 18:14тө №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Жалпы үч күжүрмөн эсеп тартылган тилсиз жоо өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын аракети менен саат 19:13тө чектөөгө алынып, саат 20:20да толугу менен өчүрүлгөн.
Аянты болжол менен 400 чарчы метрге жеткен өрттүн кесепетинен 4 бөлмөлүү турак үйдүн чатыры, ага жанаша жайгашкан навес жана сарай күйгөн. Ал эми 350 даана шифер, 120 даана стропила (айырмач), 700 метр рейка жана 500 түк чөп чыгым болгон.