Кытайдын БУУдагы элчиси жана өкүлү Чжан Цзюнь Иран менен Евробиримдиктин ортосундагы акыркы сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү болгонун эске алып, Иран менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды.
IRNA агенттиги маалымдагандай, Чжан Цзюнь Коопсуздук кеңешинин 2231 резолюциясы жана Тегерандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы (JCPOA) боюнча жыйында Евробиримдик, Германия, Франция жана Англия Ирандын конструктивдүү аракеттерин кубаттап, Иран менен жаңы сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөнүн белгиледи.
Кытайдын БУУдагы элчиси Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин баш катчысы Рафаэль Гроссинин Иранга сапарын ийгиликтүү деп баалап, Иран менен агенттиктин ортосундагы кызматташтык уланып жатканын билдирди.
“Иран көптөн бери конструктивдүү мамилени карманып келет жана сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого даяр экенин билдирди”, – деди Чжан Цзюнь.
Ал Тегерандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы (JCPOA) 10 жылдан ашуун татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин түзүлгөнүн баса белгилеп, бул келишим Ирандын өзөктүк программасы маселесин дипломатия жолу менен чечүү үчүн эң жакшы чечим болуп саналарын белгиледи.
Кытайдын өкүлү өзөктүк келишимдеги тараптар кысым көрсөтүү үчүн санкцияларды, кысымдарды же коркутууларды колдонбошу керектигин белгилеп, Иран менен Американын ортосундагы ишенимдин жоктугу сүйлөшүүлөрдү улантпоонун негизги себептеринин бири деди.
Кытайдын БУУдагы элчиси Вашингтон Ирандын өзөктүк кризисинин башкы күнөөкөрү катары максималдуу кысым көрсөтүү чараларынан алыс болуп, жакшы ниетин көрсөтүшү керек экенин белгиледи.
Ал аймактык окуялар Ирандын өзөктүк программасы менен байланышпашы керектигин, тараптар Ирандын өзөктүк программасынын алкагында мамиле кылышы керектигин, тараптар Жакынкы Чыгыштагы абалдын оорчулугун азайтууга умтулушу керек кошумчалады.
Чжан Цзюнь бардык тараптардан сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунча тезирээк улантууга чакырып, Кытай өзөктүк келишимдин тараптары менен тыгыз мамилесин улантарын айтты.
Өзөктүк келишим
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.
АКШнын президенти Жо Байден Вашингтонду өзөктүк келишимге кайтарууга даяр экенин бир нече жолу билдирген. 2021-жылдын апрелинен бери Россия, Улуу Британия, Германия, Кытай, АКШ жана Франция Венада Иран тарап менен өзөктүк келишимди баштапкы түрүндө калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. 2022-жылдын 10-ноябрында МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси Венадагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы жыйынтыксыз аяктаганын билдирген.
21-ноябрда МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши Иранды уюм менен жетиштүү кызматташпай жатат деп сындаган Батыш резолюциясын кабыл алган. Документке ылайык, МАГАТЭ 2025-жылдын жаз айына чейин Ирандын өзөктүк программасы боюнча кеңири баяндама даярдашы керек. Резолюцияга 19 добуш берилип, Орусия менен Кытай баш болгон 3 өлкө каршы болуп, дагы 12си калыс калган.
22-ноябрда Ирандын Атомдук энергия боюнча уюму МАГАТЭнин Иранга каршы резолюциясына жооп иретинде уранды байытуу үчүн миңдеген жаңы центрифугаларды ишке киргизгенин жарыялаган.















