Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 21-апрелде Пекин Вашингтондун санкцияларына жооп кайтарып, КЭРдин ички иштерине кийлигишкен деп айыпталган Конгресстин бир катар мүчөлөрүнө, америкалык аткаминерлерге жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилерине санкция киргизгенин билдирди.
“ISNA” агенттигинин маалыматына ылайык, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул аракет АКШнын Гонконг менен байланышы бар алты кытай жаранына каршы киргизген санкцияларына жооп болуп саналарын билдирди.
“Америкалык тараптын ар кандай мыйзамсыз аракеттерине Кытай чечкиндүү жооп кайтарат жана тиешелүү каршы чараларды көрөт”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
“China Morning Post” гезитинин жазганына караганда, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Го Цзякунь АКШнын санкциялары эл аралык укуктун принциптерин жана эл аралык мамилелердин негизги нормаларын олуттуу бузуу болуп саналарын белгиледи.
“Пекин АКШнын аракетин кескин айыптайт жана Гонконг менен байланышкан иштерге жана маселелерге кийлигишкен Конгресстин мүчөлөрүнө, расмий адамдарына жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилерине каршы санкцияларды салды”, – деди Цзякунь.
Ал Кошмо Штаттардын мындай чаралары “Гонконгдун иштерине жана Кытайдын ички иштерине олуттуу кийлигишүү” экенин баса белгиледи.
31-мартта АКШ Гонконгдун алты аткаминерине аймактын автономиясына шек келтирди деген шек менен санкция киргизген. АКШнын маалыматы боюнча, бул санкцияланган адамдар Гонконгдо демократияны жактаган 19 активисттин качып кетишине алып келген репрессиялар үчүн айыпталууда.















