Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2024-жылдын 23-октябрында Анкара шаарындагы түркиялык “TUSAŞ” компаниясына болгон терактты кескин айыптайт. Бул тууралуу ведомствонун расмий сайтында маалымат берилди.
“Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.
Кыргыз Республикасы боордош Түркия Республикасын терроризмге каршы күрөштө колдойт”,- деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетүүчү жагдай, 23-октябрда Түркиянын борбору Анкарада Turkish Aerospace (TUSAŞ) ишканасындагы жарылуу жана атышуу болгон. Акыркы маалыматтар боюнча террорчулардын кол салуусунан беш кишинин өмүрү кыйылды, 20дан ашык киши жараат алды. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая билдирди.
Түркиянын ММКларынын билдирүүсүндө, кол салгандар аталган компанияга күндүз кадимки такси менен келишкен. Алар курал-жарактарын алып чыгып, имаратка кирүүгө аракет кылышкан. Бирок коопсуздук кызматкерлери аларды токтоткондон кийин жарылуу болгон. Болжол менен жанкечти өзүн жардырып жиберген.
Жеринде полиция жана күч органдары иштеп жатат. Айрым маалымат булактары атышуунун добушу угулганын, бир нече киши компаниянын кире беришин жардырганын, алар жумушчуларды барымтага алган болушу ыктымал экенин жазышты.
Түркиянын коргоо министри Яшар Гүлер кол салуунун артында өкмөткө оппозиция болгон, АКШ жана Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүндө террордук уюм деп таанылган жикчил Күрд жумушчу партиясы турушу мүмкүн деп эсептейт. Аталган партия кол салуу боюнча комментарий берген жок.
TUSAŞ – ири акционердик коом. Компания жарандык жана аскердик максатта колдонулуучу учак, тик учак, учуучу аппараттарды жана космостук спутниктерди чыгарат.



















