Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында, азыркы учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады.
Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100% аткарылды же 1243 тирөөч орнотулду жана 287,45 чакырым (63%) зымдар тартылды.
Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, CASA-1000 долбоору Борбор Азиянын энергетикалык тутумдарын Түштүк Азия – Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан менен байланыштырууга, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.
Электр чубалгыларын Кыргызстандан Пакистанга чейин 1400 чакырымга тартууну пландаган долбоордун жалпы суммасы 1,1 миллиард долларды түзөт. Анын 185 миллион доллары Кыргызстандын үлүшү, башкача айтканда, бул сумма Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкы тарабынан каржыланат.