Кувейттин түштүгүндөгү Мангаф шаарында чыккан өрттөн 41 киши каза болуп, 50гө жакыны жараат алды. Бул тууралуу Arab News кабарлады.
Кувейттин Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, бөлүмгө өрт тууралуу билдирүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 06.00 чамасында, үйдүн жашоочуларынын көбү уктап жаткан маалда түшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт биринчи кабаттагы ресторандан чыккан.
«Ондогон адамдардын өмүрүн алып, жарадар болгон мынчалык катуу өрттүн чыгышына имараттын биринчи кабатында көп сандагы газ баллондорунун болушу себеп болгон», – деп өрт өчүрүүчүлөр алдын ала корутунду чыгарышты.
Ошондой эле өрттү көргөн үстүнкү кабаттардын бир нече жашоочулары терезеден секирип каза болушканы, бирок көпчүлүк учурда алар түтүнгө тумчугуп калганы айтылууда. ММКлар билдиргендей, үйдө Кувейтке иштегени келген чет элдик жумушчулар жашашкан.


















