Бүгүн, 4-октябрда Бишкек шаарында кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) кармалып, УКМКга камакка алынды. Атайын операция “Учкун” концернинин имаратынын жанында болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча, атышуу учурунда атайын кызматтын бир жоокери оор жаракат алган. К. Көлбаев жаракат алган эмес.
Азырынча УКМК бул операция тууралуу маалымат бере элек.
Окуя болгон жерге саламаттык сактоо министрлигинин үч тез жардам машинасы барган. Бирок медиктерге кайрылуу болгон эмес.
К. Көлбаевди кармоо учурунда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев болушкан.
2023-жылы август айында К. Көлбаевге карата козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулган.
Белгилей кетүүчү жагдай, УКМКнын төрагасы К. Ташиев Кыргызстанда коррупция менен кылмыш дүйнөсүнө каршы аёосуз күрөштүн экинчи этабы башталарын, ал аёосуз жүргүзүлөрүн, мындан ары бизнесмендер менен ишкерлерди кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү коркутуп акча өндүрө албай тургандыгын жарыялаган. Демек, мындан ары бизнесмендер менен жеке ишкерлерди коркутуп акча өндүрүп келген кылмышкерлер жок болуп, өлкөбүздө алардын түп-тамыры жок болмокчу.