Колумбиянын президенти Густаво Петро Газа тилкесине гуманитардык жүк алып бара жаткан активисттердин Израиль тарабынган кармалганы тууралуу маалымат тастыкталса, израилдик бардык дипломаттарды өлкөдөн чыгарууга жана Тель-Авив менен эркин соода келишимин токтоосуз токтотууга даяр экенин билдирди.
“Эгер бул маалымат чын болсо, бул (Израилдин премьер-министри Биньямин) Нетаньяхунун жаңы эл аралык кылмышы. Израиль менен эркин соода келишими токтотулат. Израилдин Колумбиядагы бүткүл дипломатиялык миссиясы өлкөдөн чыгат “, – деп жазган ал X соцтармактагы баракчасына.
Петронун айтымында, активисттердин арасында Колумбиянын эки жараны болгон.
Буга чейин 1-октябрь күнү кечинде Израиль Газа секторуна символикалык көлөмдөгү гуманитардык жардам жүгүн алып бара жатышкан “Global Sumud” эл аралык флотилиясынын кемелерин Газа тилкесинин аймактык сууларына жакын жерде кармай баштагы маалымдалган. Акыркы маалыматтар боюнча Израил армиясы төрт кемени токтотуп, 70тей активистти кармады.
Флотилия болжол менен 50 кемеден турат, алардын бортунда 500гө жакын активист бар. Алардын арасында швед экоактивисти Грета Тунберг жана Нельсон Манделанын небереси Мандла Мандела да бар.
Эске салсак, буга чейин Колумбиянын президенти Густаво Петро БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып, Газадагы геноцидге каршы турган латынамерикалык, азиялык жана славян өлкөлөрүнүн армияларын палестин элин коргоо жана Палестинаны бошотуу максатында көп улуттуу куралдуу күчтөрдүн корпусун түзүүгө чакырган.
Петро ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну, анын Европадагы жана АКШдагы союздаштары Газадагы геноцидден кийин эркиндикте калбашы керектигин, ал эми Бириккен Улуттар Уюму эл аралык сот адилеттигин ишке ашырууну камсыз кылууга тийиш экенин айткан.



















