Казак бийлиги орус газынын Өзбекстанга транзитин талкуулап жатат. Бул тууралуу казак басылмалары өлкөнүн энергетика министри Алмасадам Саткалиевге шилтеме кылып кабарлашты.
“Азыр 1,5 миллиард куб метрден 10 миллиард куб метрге чейинки көлөмдөгү газдын транзитин талкуулап жатабыз. Кийин өзбек энергосистемасынын жана Россиянын керектүү көлөмдө газ экспорттоого даярдыгына жараша дагы көбөйтсө болот”, – деди Саткалиев.
Министр орус газынын Өзбекстанга транзити Казакстан үчүн экономикалык жактан пайдалуу экенин белгиледи. Анын айтымында, мындан түшө турган каражат өлкөнүн газтранспорттук системасын модернизациялоого жумшалат.
2022-жылы Россиянын президенти Владимир Путин Москвада казакстандык кесиптеши Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, Россия, Казакстан жана Өзбекстан катышкан “үч тараптуу газ биримдигин” түзүүнү сунуштаган.
Ошол эле жылы 7-декабрда Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов Ташкент “эч качан газдын ордуна саясий шарттарга барбай турганын” билдирген. Бирок быйыл апрелде Самаркандка барган Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия, Өзбекстан жана Казакстандын катышуусунда газ биримдигин түзүү боюнча талкууларда жылыш бар экенин айткан.
Январда Казакстан менен Өзбекстандын энергетика министрлери “Газпром” менен кызматташуу планына кол коюшкан. Алгач орус газынын транзитин 1-марттан тарта баштоо планы тууралуу кабарланган, бирок буга инфраструктуранын даяр эместиги тоскоолдук кылган.
Июндун башында Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев өлкө орус газынын Өзбекстанга транзитин камсыз кылууга даяр экенин билдирген.