Канаданын федералдык полициясы бир нече израилдик (Канаданын жарандыгына да ээ болгон) аскерлерге аскердик кызмат учурунда адамзатка каршы кылмыш жасаган деген шек менен аларга карата кылмыш ишин иликтөөнү баштады.
Бул тууралуу 3-июнда канадалык “Toronto Star” гезити жазып чыкты.
Канаданын федералдык полициясы Газа тилкесиндеги согуш кылмыштарын иликтеп жатканын тастыктады, бирок тергөөнүн масштабы жана максаты тууралуу кошумча маалымат бербей турганын билдирди.
“Toronto Star” басылмасы бул иликтөөлөр тууралуу маалымат аз экенин жана федералдык полиция иликтөөнүн чоо-жайы боюнча комментарий берүүдөн баш тартканын жазган.
Бул гезиттин маалыматына караганда, федералдык полиция бул иликтөөлөрдү 2024-жылдын башында баштаган.
Федералдык полиция бул тергөө иштерин “структуралык иликтөө” деп баалайт — бул термин согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштарды териштирүүгө тиешелүү. Мындай иликтөөлөр Канададагы CAHWCP программасынын алкагында жүргүзүлөт — бул адамзатка каршы кылмыштар жана согуш кылмыштарына каршы күрөшүү боюнча улуттук программа. Программага федералдык полиция, Юстиция министрлиги, Канаданын чек ара кызматы жана Иммиграция жана жарандык кызматы катышат.
Көптөгөн канадалык жарандар ЦАХАЛда “жалгыз жоокерлер” катары кызмат кылышат. Мындан тышкары, Канадада жашаган көптөгөн израилдиктер согуш учурунда Израилге кызмат өтөөгө барышкан жана андан кийин Канадага кайтып келишкен. Канаданын федералдык полициясы бул программа Канаданын эл аралык адилеттүүлүккө жана оор кылмыштарды иликтөөгө берилгендигин көрсөтүүгө багытталган деп билдирди.
Канада менен Израилдин ортосундагы чыңалуунун күчөшү
“Toronto Star” басылмасынын маалыматына караганда, Канаданын полициясы бул иш-аракеттерди Канада менен израилдик режимдин ортосундагы чыңалуу күчөп турган маалда улантып жатат.
Май айында Канада, Улуу Британия жана Франция жарыялаган биргелешкен билдирүүдө Израилдин Газа тилкесиндеги аскердик операцияларынын кеңейтишин айыптап, Тель-Авивге каршы чектелген санкциялар киргизүү менен коркутушкан.
Өткөн жумада Канада израилдик режимдин өкүлдөрүнөн Батыш жээкте 22 жөөт конушун куруу планынан баш тартууну талап кылып, бул аракетти мыйзамсыз деп атаган.
Оккупациялык режим Газа тилкесинде геноциддик согушту улантып жатат жана бул аралыкта, Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда, каза болгон адамдардын саны 54 470ке, жаракат алгандардын саны 124 963ке жетти. Оккупациялык режим Газаны курчоого алып, ачарчылыкты курал катары колдонуп жатат жана бул баскынчылык менен курчоо ар кандай тармактардын, айрыкча саламаттыкты сактоо тармагынын кыйрашына жана гуманитардык кризистин жаралышына алып келди.



















