Июнь айында Иран–Израиль жаңжалынын курч фазасында Израиль алгач сокку урган объект — Тегерандагы изилдөөчү өзөктүк реактор үчүн күйүүчү май өндүргөн завод болгон. Бул завод тууралуу маалыматты Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) гана билген.
Бул тууралуу Ирандын вице-президенти жана Атомдук энергия боюнча уюмунун башчысы Мохаммад Эслами билдирди.
“Израиль кол салган биринчи жер Тегерандагы реакторго күйүүчү май өндүрүүчү заводу болгон. Ал тууралуу маалымат МАГАТЭде болгон. Имарат ичинде сыноо жүргүзүүчү бөлмө болсо, ал МАГАТЭнин жардамы менен жабдылган болсо жана дал ушул жабдылган бөлмө соккуга кабылган болсо — МАГАТЭнин маалыматы кыянат пайдаланылбаса, мындай так сокку кантип урулат эле?” — деди Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун башчысы Тегеранда өтүп жаткан “Чабуул шартында эл аралык укук: агрессия жана өзүн-өзү коргоо” аттуу конференциясында.
Эсламинин айтымында, сокку урулган завод күйүүчү май өндүргөн Тегерандагы изилдөөчү өзөктүк реактор радиоактивдүү дары-дармектерди чыгарат.
Эске салсак, 13-июнга караган түнү Израил Иранга каршы аскердик операция баштаган. Израилдин Ирандын өзөктүк, аскердик жана жарандык объекттерине жасаган аба соккуларында 1000ден ашуун адам, алардын ичинде жогорку аскер жетекчилери, өзөктүк илимпоздор жана жай тургундар (аялдар жана балдар) каза болушкан.
Бир суткага жетпей Ислам Республикасы жооп чабуулун жасай баштаган. Америка Кошмо Штаттары жаңжалга тогуз күндөн кийин кошулуп, Ирандын Фордо, Натанз жана Исфахандагы өзөктүк объектилерине сокку урган. 23-июнь күнү кечинде Иран жооп ирээтинде Американын Жакынкы Чыгыштагы эң ири авиабазасы Катардагы Аль-Удейд авиабазасына чабуул койгон. Андан соң АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышпоо жарыялоого макул болгонун жарыялап, ал 24-июндан тарта күчүнө кирген.
Иран бийлиги МАГАТЭни сынга алып, агенттик Иранга жасалган чабуулдарды айыптоого да аракет кылган жок деп билдирген. 2-июлда Ирандын президенти Масуд Пезешкян МАГАТЭ менен кызматташууну токтотуу боюнча мыйзамды ишке ашыруу боюнча жарлык чыгарган. Жарлыктан кийин агенттиктин инспекторлору өлкөдөн чыгарылган. Иран МАГАТЭ менен кызматташтыкты калыбына келтирүүнүн шарты катары өзөктүк объектилердин жана окумуштуулардын коопсуздугуна эл аралык кепилдик берилиши жана Ирандын уран байытуу укугу толук камсыз кылууну атаган. Бирок сентябрда Иран менен МАГАТЭ кызматташтыкты калыбына келтирүү боюнча келишимге кол коюшкан.















