Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ислам пайгамбарларынын карикатурасынын түрк журналында жарыяланышын — провокация деп атап, күнөөлүүлөр жазасын аларын убада кылды.
“Бул – юморго жамынган жийиркеничтүү чагым. Полиция жана сот органдары бул жек көрүүчүлүккө негизделген кылмышка дароо чара көрүштү, журнал конфискацияланды, тиешелүү тергөө иштери башталды. Биздин пайгамбарыбызды жана башка пайгамбарларды кемсинткендер мыйзам алдында жооп беришет. Бул ишти көзөмөлдөп турабыз”, – деди Эрдоган Анкарада Түркиядагы Адилеттик жана өнүгүү партиясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда.
Түз эфирди TRT Haber телеканалы көрсөткөн.
Буга чейин 30-июнда Стамбул прокуратурасы түрк сатиралык журналы Leman боюнча тергөө иштерин баштаганы кабарланган. Анда Мухаммед жана Муса (Моисей) пайгамбарлар катары көрсөтүлгөн фигуралар ракеталык аткылоонун фонунда көрсөтүлгөн карикатура жарыяланган.
Прокуратуранын чечими менен карикатуранын автору жана дагы үч кызматкерге камакка алуу боюнча ордер берилген.


















