Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Израиль Газа секторуна келтирилген зыянды компенсациялоого милдеттүү экенин айтты, бул сумма болжол менен 100 миллиард долларды түзөт.
Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги кабарлады.
«Израиль 15 ай бою уланган агрессиянын натыйжасында Газа секторуна келтирилген болжол менен 100 миллиард долларлык зыянды компенсациялашы керек», — деп билдирди Эрдоган Индонезиянын президенти Прабово Субианто менен Джакартадагы биргелешкен басма сөз жыйынында.
Түркия лидери ошондой эле «1967-жылдагы чек аралардагы, борбору Чыгыш Иерусалим болгон эгемен жана аймактык бүтүндүгү бар Палестина мамлекетин түзүүнү кечиктирүүгө болбойт»,- деп эсептейт.
Анын айтымында, Палестина эли жана Газа сектору тынчтыкка жетмейинче, Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөрдө туруктуулукту камсыз кылуу мүмкүн эмес.

















