Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган негизги оппозициялык партия болгон Элдик-республикачыл партиянын (НРП) төрагасы Өзгүр Өзелге каршы доо арыз берди.
TRT Haber маалымдагандай, президенттин адвокаты Хүсейин Айдын билдиргендей, доо арызда 500 миң түрк лирасы (болжол менен 13,1 миң доллар) өлчөмүндө моралдык зыянды өндүрүү талабы камтылган. Арызда Өзелдин Эрдоганды “хунтанын мүчөсү” деп атаганы жалаа жана кемсинтүү катары бааланган.
«НРПнын төрагасы Өзгүр Өзел тарабынан биздин президентибизге карата 6-апрелдеги өзгөчө съезд учурунда айтылган негизсиз айыптоолорго байланыштуу, анын ичинде аны “хунтанын мүчөсү” деп атаганы үчүн Анкаранын жарандык биринчи инстанция сотуна моралдык компенсация алуу боюнча доо арыз берилди», — деп жазды Айдын “Ф” басылмасына.
Мындан тышкары, президентти тилдегендиги үчүн дагы өзүнчө жазык ишин козгоо максатында Анкаранын Башкы прокуратурасына кайрылуу жөнөтүлгөн.
Эске сала кетсек, 6-апрелде Анкарада НРПнын өзгөчө съезди өткөн. Анын жүрүшүндө Өзгүр Өзел кайрадан партия төрагалыгына шайланган. Съездде сүйлөп жатып, ал Эрдоган менен өкмөтүн аскерлердин төңкөрүш жасаган тобуна (путчисттерге) салыштырып, “өлкөнү басып алган хунта” деп атаган. Өзелдин бул сөздөрү өкмөт мүчөлөрүнүн катуу сынына кабылган.


















