Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Э. Карыбеков, эксперт: “Борбор Азия өлкөлөрү суу көйгөйүн талибдер менен чогуу чечиш керек”

  • Интервью
  • 04.07.2024 14:49

Loading

Жер планетасындагы климаттын өзгөрүшү, күндүн ысышы жыл сайын күч алып, табигый кырсыктар адамзаттын жашоосуна кыйынчылыктарды жаратууда. Синоптиктер жай айларында көпчүлүк аймактарда абанын температурасы 39, 40 градуска чейин ысый тургандыгын билдиришүүдө.

Экологдор климаттын өзгөрүшүнөн күн ысып, анын кесепетинен мөңгүлөр ээрип, ичүүчү жана сугат сууларынын тартыштыгы күчөшү мүмкүн экендигин эскертип келишет. Суунун тартыштыгынан улам суунун башындагы Кыргызстан гана эмес, Борбор Азия чөлкөмүндөгү баардык өлкөлөрдө бул маселе улам курч көйгөйгө айланууда.

Адистердин айтымында, сууга болгон муктаждык айыл чарбасына гана эмес, тамаш-аш коопсуздугуна да олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн.

Тема боюнча

Ооганстанда үйлөнүү үлпөттөрүндө жана майрамдарда фейерверк атууга толугу менен тыюу салынды

Ооганстанда үйлөнүү үлпөттөрүндө жана майрамдарда фейерверк атууга толугу менен тыюу салынды

29.10.2026

Адамзат климаттын өзгөрүшүнө каршы кандай аракеттерди көрүш керек жана кандай чечүүчү жолдору бар деген суроолордун тегерегинде Борбор Азия боюнча суу-энергетика эксперти Эрнест Карыбековго айрым суроолор менен  кайрылдык.

– Эрнест Назарбекович, өткөн жылы жай айларында суу тартыштыгы болуп, Бишкектин айрым аймактарында суу жетишпеген учурлар катталды. Быйыл абал кандай болушу мүмкүн?

– Быйыл жаз, жайдын башы жаанчыл болуп, суу кенен. Байтик, Кашка-Суу, Суусамыр жайлоолору жашыл бойдон турат.

Ал эми расмий маалыматтарга караганда, 26-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд. 781 млн. куб метрди түзүп, суунун агып келиши секундасына 1008 куб.метрди түзсө,  керектөө секундасына 460 куб метрди түзгөн.

Менин баамымда, Бишкектин жашоочуларына гана эмес, биздин фермерлерге да быйыл суу жетиштүү болот. Өткөн жылы жаан-чачын  аз болуп, күн да ысып кеткен. Ошон үчүн суу тартыштыгы жаралган.

– Былтыркыга  салыштырмалуу Казакстанга суу көбүрөөк берилиши боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген маалымат бар. Мунун жыйынтыгы кандай болушу мүмкүн?

– Казакстанга жыл сайын эле сугат иштери үчүн июль, август айларында суунун көлөмүн көбүрөөк беребиз. Нарын дарыясынан Токтогул, Үч-Коргон ГЭСтери аркылуу берилет.

-Ооганстандагы “Куштепа” каналынын биринчи бөлүгү бүттү, эми калган бөлүгү бүткөрүү алдында турат. Бул канал толук ишке кирсе, Борбор Азия өлкөлөрүнө канчалык деңгээлде таасирин тийгизет?

-Талибдер башында турган Ооганстандын өкмөтү талаштуу “Куштепа” каналынын биринчи тилкесинин аяктаганын өткөн жылы жарыялашкан. Бирок, бул каналдын экинчи бөлүгү да бүтсө, Амударыядагы суунун бештен бир бөлүгү Ооганстандын түндүк аймактарына бурулуп, коңшу өлкөлөр Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстанга таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени, канал бул өлкөлөрдүн көп бөлүгүн суу менен камсыздаган Амударыядан башталат. Ошондуктан Кыргызстанга көп деле таасирин тийгизе албайт.

Бирок, талибдер Амударыянын бештен бир бөлүгүн өздөрүнө буруп алышты. Эми ошол көлөмдү көбөйтүшү да мүмкүн. Амударыя Тажикстандан Өзбекстанга, Түркмөнстанга, андан ары кайра Өзбекстандан Каракалпакстан аркылуу Арал деңизине куят. Ошондуктан Арал деңизи суунун жетишсиздигенен улам  кургап жатат. Себеби сууну көп алып жатышат. Муну ашыкча керектөө деп коет. Өздөрүнө жеткиликтүү болгон менен баары бир тосо беришет да. Бир чети ысыкта бууланып же кумга сиңип кетип жатат. Муну токтотуш керек.

Андыктан Борбор Азия чөлкөмүндөгү кошуна мамлекеттер сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн кандайдыр бир орток пикирдеги чечимдерге келип, ысык жерлерде кумга сиңип  же бууланып кете турган аймактарга эмес, тоолуу муздак жерлерге суу сактагычтарды куруш керек.

Эгер жыл мезгилдери жаанчыл болбой, суунун көлөмү азайып кетсе, анда ичкен суунун да көлөмү ылдый түшүп кетет. Ошондуктан бул  илимий жактан изилденсе натыйжасы болот.

-Акыркы жылдары экологиялык катастрофа болот деген маалыматтар айтылып келе жатат. Мөңгүлөрдүн эриши боюнча. Мунун алдын алуу жолдору барбы?

-Климаттын глобалдык ысышына, өзгөрүшүнө адамзаттын каршы күрөшүүгө күчү жетеби деген пикир азыр башкы маселе бойдон калууда.

Бул жерде адамзат жана табият фактору болуп эки түрү бар. Табият факторуна адамзаттын күчү жетеби же жокпу, бул Кудайдын колунда. Бирок, адамзат факторлоруна канчалык бир деңгээлде таасир эте алабыз. Себеби индустриалдык революцияны адамзат өзү жасаган. Демек, адам өзү чече да алат.

Экинчиден, муну кантип чечиш керек? Ошон үчүн лыжа базаларга кар пушкаларын коюшубуз керек. Дүйнө жузүндө мындай пушкалар лыжа базаларында бар. Тоолордо, тоо этектерине орнотушубуз керек. Кар пушкалары электр энергиялары менен иштейт. Ал кардын көлөмүн көбөйтөт. Энергия жетиштүү болуш үчүн Кара-Кечеге жылуулук электр станция куруш керек. Азыр ЖЭБдер күндүз  канча кубаттуулук менен иштесе, түнкүсүн дагы ошондой кубаттуулук берет. Бирок, түнкүсүн керектөө азайса, бош кубаттуулуктар калат. Мына ошол бекер кубаттуулуктарды кар пушкаларга жөнөтсө болот. Ошондо гана электр энергиянын нарктык баасы төмөн болот.

Мына ушундай жолдор менен Борбор Азия мамлекеттери мөңгүлөрдү сактоо жолун карап, чогуу эл аралык форум өткөрүп, талибдерди да чакырыш керек.

Анткени алар “Куштепа” каналынын ишке кириши менен суунун керектөөсүнүн көлөмүн көбөйтүп жибериши мүмкүн. Ошондуктан маселени ортодо чечкен оң. Себеби суу ресурстарыбыз келечекте жылдап, миңдеп, кылымдап биздин келечек муундарыбызга жетиш керек. Эгер биз муну азыр жасап берип, фундаментин түзүп койсок, алар согушпай, чыр-чатаксыз пайдаланышат. Азыр баарыбыз эле ар кимибиз өзүбүзгө тарта берсек, анда кийинки келечек муундарыбыз оор мезгилде жашап калышы мүмкүн.

-Демек, суу көйгөйү эл аралык деңгээлдеги орток пикирде чечилиш керекпи?

-Биринчиден, илимий изилдөө жүргүзүлүш керек. Суу, мөңгүлөрдөн баштап Арал деңизине чейин дарыялардын баары тең изилдениши керек. Кайсы өлкө кантип, туура же туура эмес пайдаланылып жатканын изилдеп баа берип, кандайдыр бир чечүүчү орток келишимдерге келген оң. Анткени бүгүнкү күн менен жашай берсек, келечекте чоң көйгөй чыгышы мүмкүн. Ошон үчүн бүгүн бул маселе актуалдуу түрдө каралыш керек.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Куш-Тепа каналысуу тартыштгыТалибан
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Ооганстанда үйлөнүү үлпөттөрүндө жана майрамдарда фейерверк атууга толугу менен тыюу салынды

Ооганстанда үйлөнүү үлпөттөрүндө жана майрамдарда фейерверк атууга толугу менен тыюу салынды

29.10.2026
БУУ Ооганстанда аялдарга жана ЖМКларга каршы репрессиялар күчөгөнүн билдирди

БУУ Ооганстанда аялдарга жана ЖМКларга каршы репрессиялар күчөгөнүн билдирди

16.10.2026
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ооганстандан келип чыккан коркунучтар тууралуу дагы бир жолу эскертти

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ооганстандан келип чыккан коркунучтар тууралуу дагы бир жолу эскертти

22.09.2026
«Талибан» нааразылык акцияларына тыюу салды: Ооганстанда жарандарды көзөмөлдөөнү күчөткөн мыйзам кабыл алынды

«Талибан» нааразылык акцияларына тыюу салды: Ооганстанда жарандарды көзөмөлдөөнү күчөткөн мыйзам кабыл алынды

25.08.2026
Беш жылдан кийин: Борбор Азиянын Ооганстанга болгон мамилеси кандай өзгөрүүдө?

Беш жылдан кийин: Борбор Азиянын Ооганстанга болгон мамилеси кандай өзгөрүүдө?

21.08.2026
Кабулда 2021-жылдан бери биринчи жолу Ооганстан-Борбордук Азия диалогу өттү

Кабулда 2021-жылдан бери биринчи жолу Ооганстан-Борбордук Азия диалогу өттү

06.04.2026
Пакистандын Ооганстанга жасаган чабуулунан каза болгондордун саны 400гө жетти. Видео

Пакистандын Ооганстанга жасаган чабуулунан каза болгондордун саны 400гө жетти. Видео

17.03.2026
Талибан Россиянын Афганистанда 20 миңден ашуун согушкер бар деген билдирүүсүн четке какты 

Талибан Россиянын Афганистанда 20 миңден ашуун согушкер бар деген билдирүүсүн четке какты 

24.02.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.