Келерки жумада премьер-министр Сигэру Исиба башчылык кылган Япониянын либералдык-демократиялык партиясы “Азия НАТОсун” түзүүнүн перспективаларын талкуулай баштайт. Бул тууралуу Киодо агенттиги жазып чыкты.
Бул теманы талкуулоо үчүн партиянын ичинде жаңы структура түзүлөт. Исиба шайлоо алдындагы кампаниясынын жүрүшүндө Япониянын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоону, «Азия НАТОсун» жана аймактагы жамааттык коопсуздук системасын түзүүнү жактаган.
Исиба Гудзон институтуна жазган макаласында ошондой эле Американын өзөктүк куралын Азия чөлкөмүндө жайгаштыруу жана аларга “биргелешип ээлик кылуу” мүмкүнчүлүгүн талкуулоону сунуш кылган.
Ушул жылдын октябрь айында Исиба азиялык өнөктөштөрдү альянс түзүүгө чакырды. Анын айтымында, бул “АКШнын бийлигинин салыштырмалуу төмөндөшүнүн” фонунда зарыл.


















