Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Израилдин Ливандан артка чегиниши: Иран каалаганына жетти

  • Батыш Азия, Эксперттин пикири
  • 02.06.2026 16:51

Loading

Россиялык РИА Новости маалымат агенттигинин серепчиси Пётр Акопов Жакынкы Чыгыштагы соңку саясий окуяларга байланыштуу өз пикирин билдирип, Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдү токтотуу аркылуу эмнеге жетишкенин талдады.

Жакынкы күндөрү кол коюлат деп күтүлүп жаткан, дээрлик толугу менен макулдашылган америкалык-ирандык меморандумдун ордуна күтүүсүз, бирок күтүлүшү мүмкүн болгон окуя болду: Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдү убактылуу токтотту. Эмне үчүн бул күтүүсүз болсо да күтүлгөн кадам болду? Жана бул эртең эле согуш кайра тутанат дегенди билдиреби?

Жок, согуш кайра башталбайт. Буга Израилден башка эч ким кызыкдар эмес. Ал эми Тегерандын мындай чечимин алдын ала болжосо болмок, анткени аны мындай кадамга барууга АКШ да, Израиль да түртүп жаткан. Өзгөчө Израиль. Ал Ливандагы ок атышпоону мурда эле бузуп келген жана акыркы күндөрү дагы Ливандын аймагын, анын ичинде Бейрутту бомбалоону күчөтүп, Литани дарыясынын түндүгүндөгү жаңы аймактарды да басып алды.

Тема боюнча

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

20.11.2026

Иран үчүн бул майда маселе эмес. Ислам Республикасы чындап эле «Хезболланы» гана эмес, бүтүндөй Ливанды коргоочу катары чыгууда. Себеби Ливанды жана Газаны коргоо Иранды ислам үчүн чыныгы күрөшүүчү өлкө катары көрсөтүп, ага бүткүл ислам дүйнөсүндө кадыр-барк алып келет.

АКШ менен Израиль Ирандан «аймактагы прокси күчтөрдү колдоодон баш тартууну» талап кылышканда, алар чыныгы абалды түшүнбөгөндөй түр көрсөтүшөт. Ливандагы «Хезболла», Палестинадагы ХАМАС жана Йемендеги хуситтер Ирандын “марионеткалары” же агенттери эмес. Алар өз жеринде жашоо жана өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн күрөшүп жаткан жергиликтүү кыймылдар. Иран аларды колдойбу, анын ичинде курал-жарак менен жардам береби? Ооба. Бирок алар Ирандын кызматчылары эмес, анын союздаштары.

Бир караганда, азыр Иран «Хезболлага» да, палестиналыктарга да, хуситтерге да олуттуу жардам бере албай тургандай көрүнөт. Анын порттору жана каржы мүмкүнчүлүктөрү чектелген, ал эми өлкөнүн өзү америкалык-израилдик агрессиянын кайра жанданышы мүмкүн деген коркунуч алдында турат. Анда эмне үчүн сүйлөшүүлөрдү токтотуу керек болду? Эмне үчүн кырдаалды татаалдаштырган талаптарды коюу зарыл эле?

Тегеран Вашингтон менен «билдирүүлөрдү алмашууну» токтоторун жарыялады. Дал ушул формада, ортомчулар аркылуу, меморандумдун шарттары макулдашылып жаткан. Иран билдиргендей, Израиль Ливанга жана Газага каршы аракеттерин токтотмоюнча байланыш калыбына келтирилбейт.

Бул реалдуубу? Албетте, жок: Израил Ливандан кетпейт. Бирок Ирандын билдирүүсүнөн кийин Дональд Трамп Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшүп, Израиль Ливандын түндүгүнө карай илгерилөөсүн жана Бейрутка сокку уруусун токтотот деген чечимге келген.

Мунун натыйжасында Демек, Иран мусулмандардын кызыкчылыгын коргоочу өлкө катары өзүнүн аброюн дагы бир жолу тастыктады. Албетте, убакыт өткөн сайын Тель-Авив ок атышпоону кайрадан бузушу мүмкүн. Ливандан толук чыгууга мажбурлоо дагы узак убакытты жана чоң күч-аракетти талап кылат. Бирок азыркы учурда Иран өзүнүн гана эмес, аймактагы башка элдердин да кызыкчылыгын ойлой турганын көрсөттү. Бул болсо, айрыкча согуш толук аяктагандан кийинки таасири тууралуу сөз болгондо, өтө маанилүү фактор болуп саналат.

Бирок эмне үчүн «башкаларды дагы ойлойт» деп айтып жатабыз? Ислам Республикасы башынан эле  өзүн бүтүндөй ислам үммөтүнүн коргоочусу катары көрсөтүп келген. Ал ошондой эле Аль-Кудсту (Иерусалимди) бошотууну убадалаган.

Бүгүнкү күндө АКШ менен Израиль тарабынан өтө оор соккуларга кабылганына карабастан, Иран өзүнүн багытынан тайган жок. Бул согуштан ким жеңиш менен чыгарын көрсөткөн эң жакшы көрсөткүч. Ооба, Иран чоң жоготууларга учурады. Бирок, ал моралдык жактан гана эмес, геосаясий жактан дагы жеңишке жетишти. Ал өзүнүн аймактагы жана ислам дүйнөсүндөгү таасирин жөн гана сактап калбастан, аны дагы бекемдөөгө жетишти. Жана маселе бир гана Ормуз кысыгы тууралуу эмес.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШИзраильиранЛиван
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

20.11.2026
Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

20.11.2026
Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

20.11.2026
Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

20.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
ЖМК: Трамп Вэнстин Иран боюнча позициясынан улам ага нааразы болуп жатканы айтылууда

ЖМК: Трамп Вэнстин Иран боюнча позициясынан улам ага нааразы болуп жатканы айтылууда

19.11.2026
Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

19.11.2026
Израиль парламентинин вице-спикери палестиналык кесиптештерин мазактаганы үчүн төрт депутатты жыйын залынан чыгарды

Израиль парламентинин вице-спикери палестиналык кесиптештерин мазактаганы үчүн төрт депутатты жыйын залынан чыгарды

19.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.