Израилдин министрлер кабинети палестиналык ХАМАС кыймылы менен Газадагы ок атышууну токтотуу жана туткундарды бошотуу боюнча макулдашууну көпкө созулган жыйындан кийин жактырганын израилдик ЖМКлар маалымдашты.
Израилдин телерадиоберүү башкармалыгы (IBA) билдиргендей, келишимге 24 министр макул болуп, сегиз министр каршы добуш берген.
Келишим өкмөт жыйынында беш сааттан ашык талкуудан кийин жактырылган.
«Кабинет туткундарды кайтаруу өнүндөгү келишимди жактырды», – деп айтылат Израилдин министрлер кабинетинин билдирүүсүндө.
Нетаньяхунун өкмөтү келишим жекшемби күнү, 19-январда күчүнө кирерин жарыялады.
Бул келишим буга чейин Израиль режиминин коопсуздук жана саясий кабинети тарабынан да бекитилген.
Эске салсак, 16-январда Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдул Рахман Аль Тани Израиль менен ХАМАС ок атышууну токтотуу келишимине жетишишкенин, ал 19-январда күчүнө кирерин жар салган. Анын өлкөсү сүйлөшүүлөрдө ортомчу болгон.
Ал белгилегендей, келишимдин биринчи фазасы 42 күнгө созулат. Бул убакыттын ичинде ок атышпоо режими күчүнө кирет жана Израиль аскерлери Газа тилкесинин эң жыш жайгашкан аймактарынан чыгып, анклавдын чек араларына жылат. ХАМАС өз кезегинде барымтадагы 33 израилдикти, анын ичинде аялдар менен улгайган жарандарды, Израиль болсо белгилүү бир сандагы палестиналык туткундарды бошотот.
Ошондой эле Газа тилкесиндеги үйлөрүн таштап кеткен тургундар кайтып келе алышат жана гуманитардык жардам бүткүл анклав боюнча ачылат.
Тараптар биринчи фазада камтылган шарттар аткарылгандан кийин ок атышпоонун экинчи жана үчүнчү фазаларынын деталдарын макулдашат.
Аль-Тани Катар келишимдин аткарылышын жана эки тараптын тең урматтоосун камсыз кылуу үчүн АКШ жана Египет менен кызматташууну уланта турганын белгилеген.



















