2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесиндеги Израилдин аскерий аракеттеринен каза болгон палестиналыктардын 65%дан ашыгы аялдар, балдар жана карылар болгон.
Бул тууралуу Катардын “Al Jazeera” телеканалы Газа өкмөтүнүн басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.
Маалыматка караганда, жалпысынан бул убакыттын ичинде анклавда 52 243 адам набыт болгон. Алардын 18 миңден ашыгы балдар, 12,4 миңден ашыгы аялдар.
“Израил палестиналык 2180 үй-бүлөнү жок кылып, анда атасын, энесин жана бардык үй-бүлө мүчөлөрүн өлтүрдү, дагы 5070 үй-бүлөнү жарым-жартылай кырып, ар бир үй-бүлөдө бирден гана тирүү адам калтырган”, – деп айтылат Газа өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Анда ошондой эле Израилдин аракеттеринин натыйжасында 1400дөн ашык палестиналык дарыгерлер жана медицина кызматкерлери, 113 жарандык коргонуу кызматкери, 212 журналист жана маалымат каражаттарынын кызматкерлери курман болгондугу да белгиленет.
Палестина-Израиль жаңжалы
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 2023-жылдын 7-октябрында Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган. Израиль чабуулга жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган.
Үстүбүздөгү жылдын 19-январынан 1-мартына чейин Газа тилкесинде Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы палестиналык туткундардын ордуна израилдик туткундарды бошотуу келишиминин биринчи этабынын алкагында ок атышпоо келишими күчүндө болчу. Алты аптанын ичинде ХАМАС барымтадагы 30 израилдикти бошотуп, каза болгондордун сегизинин сөөгүн өткөрүп берди. Буга жооп кылып Израиль 1700гө жакын палестиналык туткундарды бошотуп, ЦАХАЛ анклавдын ички аймактарынан чыгып кеткен. ХАМАС учурда дагы 59 кишини барымтада кармап турат.
Ок атышпоо келишими 1-мартта расмий аяктап, Израиль тилкедеги тузсуздандыруучу ишканага электр энергиясын берүүнү токтотуп, гуманитардык жүк ташуучу унаалардын тилкеге киришин жапты.
2-мартка караган түнү Газа тилкесинде 42 күнгө созулган макулдашылган ок атышпоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин Израиль бийликтери АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Газадагы убактылуу элдешүүнү узартуу боюнча жаңы планды сунуштаганын, анткени азыркы учурда Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согушту толук токтотууга байланыштуу пикир келишпестиктерди жеңүү мүмкүн эмес экенин жарыялаган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Израиль бул планга макул экенин, бирок ХАМАС макул болбогонун баса белгилеген.
ХАМАС өз кезегинде Газа боюнча келишиминин экинчи этабына өтүүнү талап кылууда, анда согушту толук токтотуу жана анклавдан израилдик аскерлерди чыгаруу каралган.
Үстүбүздөгү жылдын 18-мартына караган түнү Израилдин Коргоо армиясы Газа тилкесине сокку урууну кайра баштаган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху чабуулдар ХАМАСтын ок атышпоону узартуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча АКШнын планын кабыл алуудан баш тартканы үчүн уланганын билдирди.
ХАМАС аскердик аракеттердин кайра жанданышы үчүн жоопкерчиликти Израиль менен АКШга жүктөдү.


















