Тель-Авивде 100 миңден ашуун адам көчөгө чыгып, премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун Газа тилкесиндеги согушту күчөтүү пландарына каршы чыгышты.
Бул тууралуу The Guardian агенттиги акцияны уюштурган “Барымтадагылардын жана дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөлөрүнүн форуму” коомдук уюмуна шилтеме берүү менен билдирди.
Times of Israel гезити бир нече шаарларда он миңдеген адамдар, анын ичинде Тель-Авивде кеминде 10,000 адам чогулганын билдирди.
Чогулгандар аскердик аракеттерди токтотууну жана Газада барымтада калган 50гө жакын адамды бошотууну талап кылышты. Алар Израилдин желектерин желбиретип, барымтадагылардын сүрөттөрүн ошондой эле өкмөткө каршы ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.
Алардын арасында Газада калган барымтадагылардын ата-энелери да бар, алар Нетаньяхунун операциясы жакындары үчүн өлүм өкүмү болушу мүмкүн экенин айтышууда.
Израилдин шаарларында өкмөттү палестиналык ХАМАС тобу менен барымтадагыларды бошотуу боюнча келишим түзүүгө чакырган митингдер байма-бай өтүп турат.
Нааразылыктар өкмөт ички жана эл аралык сынга карабай Газа тилкесин басып алуу планын жарыялагандан кийин күчөдү. Сурамжылоого ылайык, израилдиктердин көбү ок атышууну токтоосуз токтотууну жакташат, деп белгилейт The Guardian.
Израилдин коопсуздук боюнча министрлер кабинети бир нече күн мурда Газа шаарын басып алуу чечимин кабыл алган. Axios жазгандай, бул чечим Газа тилкесин толук басып алуу үчүн жасалган кадам болушу мүмкүн жана операция бир нече айга созулушу мүмкүн.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху буга чейин Израил ХАМАС менен жаңжал аяктагандан кийин Газа тилкесин аннексиялоону көздөбөй турганын жана аймакты башкарууну убактылуу башкаруу органына өткөрүп берүү пландалып жактанын билдирген.



















