Израил менен Сириянын лидерлери ок атышууну токтотууга макул болушту. Бул тууралуу АКШнын Түркиядагы элчиси жана Сирия боюнча атайын өкүлү Томас Барак социалдык тармактагы X баракчасында билдирди, деп маалымдайт NUR.KZ.
“Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа мамлекеттик катчы Марко Рубионун көмөгү менен ок атышпоого макул болушту. Бул демилгени Түркия, Иордания жана башка коңшу өлкөлөр колдоду”, — деп жазды америкалык дипломат.
Ал ошондой эле, АКШ друздарды, бедуиндерди жана сунниттерди куралын таштоого жана “башка улуттук азчылыктар менен бирге коңшулар менен тынчтыкта жана өнүгүүдө жаңы, бирдиктүү Сириянын бүтүндүгүн калыптандырууга” чакырарын белгиледи.
Эске салсак, буга чейин дүйнөлүк маалымат каражаттары Израил армиясы Сириянын түштүгүндөгү Сувейда провинциясындагы өкмөттүк күчтөргө сокку урганы жөнүндө кабарлаган. Бир күн мурунку кагылышууларда, негизинен друздар жашаган шаарда, бедуин уруулары менен жергиликтүү куралдуу топтордун кагылышууларынан 30дан ашык адам каза болгон.
Андан кийин Израил Сириянын аскердик объектилерине аба соккуларын жасаган. Алардын ичинде аскердик штаб жана президенттик сарай жайгашкан район да болгон. Тынч тургундар арасында каза болгондор жана жараат алгандар бар.



















