Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы түз эмес сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы 6-октябрда Египетте өтөт.
Бул тууралуу Араб Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
«6-октябрда Египетте ХАМАС жана Израиль делегацияларынын катышуусунда сүйлөшүүлөр өтөт. Тараптар АКШ президенти Дональд Трамптын (Газа секторундагы жаңжалдын жөнгө салуу планына) ылайык, израилдик барымтадагылар менен палестиналык туткундарды алмаштыруу үчүн шарттарды түзүү маселесин талкуулашат», — деп айтылат Египет ТИМинин билдирүүсүндө.
Палестиналык ХАМАС кыймылы буга чейин жума күнү бардык тирүү израилдик барымтадагыларды бошотууга жана каза болгондордун сөөктөрүн АКШ президенти Дональд Трамптын планына ылайык өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген.
29-сентябрда Трамп Газадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча 20 пункттан турган планын жарыялаган. Бул сунуш 72 сааттын ичинде израилдик барымтадагыларды бошотуу шарты менен ок атышууну дароо токтотууну карайт. Планга ылайык, палестиналык ХАМАС кыймылы жана башка топтор Газаны башкаруусуна түз же кыйыр түрдө катышпоого макул болушу керек. Секторду көзөмөлдөө технократтык бийликтин колуна өтүп, аны эл аралык орган көзөмөлдөйт, ал органды Трамптын өзү жетектейт.


















