Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) өлкө тарыхындагы «эң катаал чабуул операциясын» баштап жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, операциянын максаты Израиль жана АКШнын аскердик базалары болот.
Бул билдирүү «Иран Ислам Республикасынын үнү» басылмасы аркылуу таратылды.
ИРСКтин билдирүүсү Иран мамлекеттик маалымат каражаттары жогорку лидер Али Хаменеи каза болгонун тастыктагандан кийин жарыяланды. Аскерлер операция жакынкы убакта башталарын убада кылышты.
Буга чейин Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан жогорку лидердин өлүмү жоопсуз калбай турганын билдирген. Ал кылмышкерлер менен бул кылмыштын буюртмачылары өздөрү жасаган ишине өкүнөрүн белгилеген.















