Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкян Сириянын лидери Башар Асад менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Араб республикасын колдой турганын ырастады.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелер жана анын түрдүү тармактардагы өнүгүү перспективалары каралды.
Пезешкян өлкөсү Сирияны жана каршылык көрсөтүү огун колдой турганын айтып, Тегеран-Дамаск алакасын бекемдөө жана эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерди эки элдин кызыкчылыгына ылайык ишке ашыруу зарылдыгын билдирди.
Асад өз кезегинде Иран менен Сириянын ортосундагы мамилелер “өз ара урматтоо принциптерине негизделгенин белгиледи.
5-июлда Ислам республикасында аткаруу бийлигинин башчысы Ибрахим Раиси каза болгондон кийин дайындалган мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, анда реформачылар канатынын талапкери, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Масуд Пезешкян жалпы добуштардын 53,6%ы менен жеңишке жеткен.
Башар Асад буга чейин Масуд Пезешкянга куттуктоо телеграммасын жөнөтүп, Ирандын шайланган президенти менен “бекем принциптерге жана өз ара урматтоого негизделген эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн” биргелешип иштөөгө кызыкдар экенин билдирген.















