Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Кытайга болгон сапарынын алкагында ардактуу конок катары Пекин шаарындагы Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана андагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышты.
Иш-чаранын алдында делегация башчылары Император сарайынын жанында биргелешип сүрөткө түшүштү.
Тяньаньмэнь аянтындагы парад 70 мүнөткө созулду. Эскерүү иш-чараларына 45 аскер бөлүгү катышты. Иш-чарага 26 чет мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары келишти.
Аскердик парадга Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин старт берди. Анын алдында ал сөз сүйлөп, кытай эли бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкка эбегейсиз зор салым кошконун, тарых бүткүл адамзаттын тагдырлары тыгыз байланышта экенин эскертерин белгиледи.
Парадда Кытай жаңы муундагы курал-жарактарды, анын ичинде төртүнчү муундагы учактарды жана согуштук учактарды, учкучсуз интеллектуалдык аппараттар, ошондой эле өнүккөн ракеталарды, анын ичинде гиперүндүү ракеталарды көрсөттү.
Көрсөтүлгөн курал-жарактардын жана аскердик техникалардын бардык түрлөрү Кытайда жасалган жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн кызматында.
Мындан тышкары, парадда DF-5C стратегиялык өзөктүк континенттер аралык ракетасы, “Тип 100” танктарынын жана “Тип 100” согуштук колдоо унааларынын жаңы үлгүлөрүн да көрсөтүлдү. Ошондой эле көрүүчүлөрдүн назарына аба чабуулуна каршы HQ-19, HQ-12 жана HQ-29 ракеталары тартууланды.
Миңден ашык адамдан турган аскер оркестри бир катар классикалык аскердик темадагы обондорду, ошондой эле быйылкы парад үчүн атайын түзүлгөн жаңы музыкалык чыгармаларды ойношту.
Параддын соңунда тынчтыктын символу болгон 80 миң көгүчкөн асманга учурулду.
Кытайдын япон агрессиясына каршы согушу 1931-жылы япон армиясынын Маньчжурияга басып кириши менен башталган. 1937-жылы алар кеңири масштабдуу чабуулга өтүп, кармаш катуулап, кийинчерээк Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгүнө айланган.
Алгачкы этапта СССР Пекинге олуттуу экономикалык, техникалык жана согуштук жардам көрсөткөн. Кытайда 3,5 миңден ашык советтик ыктыярчылар салгылашкан. Расмий маалыматтар боюнча, алардын 211и каза болгон. 1945-жылдын августунда советтик-монголдук аскерлердин күч-аракети Квантун армиясын талкалоого жана Кытайдын түндүк-чыгышын япондук аскерлерден бошотууга жетишкен. Кытай япониялыктар менен кагылышууда 35 миллиондон ашуун кишисинен ажыраган.
2014-жылы Кытай бийлиги 3-сентябрды расмий улуттук майрам катары таануу чечимин кабыл алган. 2015-жылы Тяньаньмэнь аянтында биринчи жолу мааракелик датага арналган масштабдуу аскердик парад өткөн.

















