Ирандын президенти Масуд Пезешкиан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында сүйлөп жатып, Америка элине кайрылуу жасап, АКШнын чек араларына жакын жерде базаларды Тегеран куруп жатпаганын, Вашингтонго санкцияларды Ислам Республикасы таңуулап жатпаганын, тескерисинче мунун баары АКШнын саясий акциясы экенин билдирди.
“Мен Америка элине кайрылгым келет: силердин чек араңарга базаларды куруп жаткан Иран эмес. Силердин өлкөгө санкция киргизип, бүткүл дүйнө менен соода алакаларын татаалдаштырып жаткан Иран эмес. Дары-дармектерге жетүүгө тоскоолдук кылган Иран эмес, дүйнөлүк каржы тутумуна кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеп жаткан Иран эмес… Тескерисинче, Багдад аэропортунда Ирандын көрүнүктүү командирин өлтүргөн АКШ болду”, – деди Пезешкиан.
Ал ошондой эле Батыштын Иранга каршы киргизген бир тараптуу санкциялары миңдеген бейкүнөө адамдардын өмүрүн тобокелге салган адамзатка каршы курал экенин белгиледи.
«Санкциялар – бул өлкөнүн экономикасын шалдыратууга багытталган кыйратуучу жана адамгерчиликсиз курал. Негизги дары-дармектерге жетүүдөн ажыратуу миңдеген бейкүнөө адамдардын өмүрүн тобокелге салган санкциялардын эң оор кесепеттеринин бири болуп калды. Бул чара адам укуктарын одоно бузуу гана эмес, ошондой эле адамзатка каршы кылмыш болуп саналат», – деп баса белгиледи Пезешкиан.
Эске салсак, мындан төрт жыл мурун 2020-жылдын 3-январга караган түнү Ирандын таасирдүү генералы Касем Сулеймани Ирактын Багдад шаарында АКШнын ракеталык соккусунан каза болгон. Аны менен кошо бир нече офицер жана Ирактын “Хашд аль-Шааби” кыймылынын жетекчисинин орун басары Абу Махди аль-Мухандис да өлтүрүлгөн. Сулеймани Ислам Революциясынын Сакчылар Корпусунун “Аль-Кудс” атайын күчтөрүнүн командачысы болгон.
Пентагон Сулейманини өлтүрүү буйругун ошол кездеги АКШнын президенти Дональд Трамп жеке өзү бергенин билдирген.















