Ирандын президенти Масуд Пезешкиан сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат.
Бул тууралуу Ислам республикасынын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эсмаил Багаи маалымат жыйынында билдирди.
“БУУнун негизделгенине 80 жыл толгон бул жыйынга президент катышары чечилген. Чоо-жайын президенттин кеңсеси ачыктайт”, – деди Багаи түз эфирде.
БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясы 2025-жылдын 9-сентябрында ачылып, 2026-жылдын 8-сентябрында аяктайт.
Эске салсак, 2024-жылы сентябрда Масуд Пезешкиан Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөөсүнөн тышкары, “Келечек саммитине” катышып, АКШдагы иран диаспорасынын өкүлдөрү, ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн мамлекет башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.















