Ирандын Жогорку жана руханий лидери аятолла Али Хаменеи Израиль палестиналык ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны Тегеранда өлтүргөнү үчүн катуу жазага тартыларын билдирди.
“Кылмышкер жана террористтик сионисттик режим (Израиль – ред.) бул аракети менен өзүнө катуу жазалоого негиз түздү. Биз Иран Ислам Республикасынын аймагында шейит болгон адамдын каны үчүн өч алууну өзүбүздүн милдетибиз деп эсептейбиз”, – деди Хаменеи.
Ислам республикасынын лидери баса белгилегендей, ХАМАСтын Саясий бюросунун башчысы өзүнүн кымбат өмүрүн күрөш талаасында эбак эле берген жана бул жолдо көптөгөн жакындарын жоготуп, шейит болууга даяр болгон.
Хаменеи Ислам коомчулугуна, каршылык көрсөтүү фронтуна, Палестинанын эр жүрөк элине, палестиналык саясатчынын үй-бүлөсүнө жана аман калган үй-бүлө мүчөлөрүнө көңүл айтты.
2023-жылдын октябрында Газа тилкесиндеги кырдаал курчуганда израилдик күчтөр Ханиянын Газа шаарындагы үй-бүлөсү жашаган качкындар лагерине бир нече жолу сокку урган. Аткылоонун натыйжасында ХАМАС лидеринин үч уулу жана төрт небереси, ошондой эле эжеси набыт болгон.
ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун 62 жаштагы башчысы Исмаил Хания Ирандын баш калаасы Тегеранда болгон кол салууда өлтүрүлдү. Ал Иранга жаңы президент Масуд Пезешкиандын 30-июлда өткөрүлгөн инаугурациясына катышуу үчүн барган.
ХАМАС кыймылы Хания Тегеранда өткөрүлгөн Израилдин рейдинин маалында өлтүрүлгөнүн тастыктады. Израиль бул окуя боюнча комментарий бере элек.
Кол салууну бир нече мамлекет айыпташты.
Ирандын президенти Масуд Пезешкян өлкө өз суверенитетин коргой турганын жана “террористтик баскынчыларды” жасаган иштери үчүн өкүнтөрүн билдирди.
Иран президенти Иран менен Палестина элинин ортосундагы байланыш мурдагыдан да бекем болорун, ал эми каршылык көрсөтүүнү колдоо мурдагыдан да күчтүү болорун баса белгиледи.
Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израиль Иран менен Палестинанын каршылык көрсөтүүсүнөн “оорутуучу жообуна” туш болорун билдирди.















