Ирандын хоккей боюнча кыз-келиндер курама командасы Бишкекте өтүп жаткан кыз-келиндер арасында шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча Азия жана Океания Кубогунда Индиянын командасын 10:0 эсеби менен утуп алды.
Муну менен Иран курамасы катары менен үчүнчү жеңишке жетишти.
Турнирдин биринчи күнү ирандык хоккейчи кыздар БАЭнин командасын 16:0, андан кийинки оюнда үй ээси Кыргызстандын командасын 6:0 эсеби менен жеңип алган.
Эми ирандык хоккейчи кыздар 30-мартта Филиппиндин командасы менен беттешет. Оюн саат 16:30да болот.
Кыргызстанда биринчи ирет өтүп жаткан мелдеште Кыргызстан, Иран, Индия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Филиппин өлкөлөрүнүн командалары күч сынашууда.
Турнир “Бишкек Арена” комплексинде өтүп жатат. Кубок 30-мартка чейин уланат. Каалоочуларга кирүү акысыз.
Кыргызстандын командасы Филиппинден 4:7 эсебинде, БАЭден 4:6 эсебинде утулуп калган. Эми алдыда кыргызстандык хоккейчи кыздар Индия менен оюн өткөрөт. Оюн 30-март, саат 20:00дө болот.















