Ирандын аскер-деңиз күчтөрү Оман булуңда жана Индия океанынын түндүк бөлүгүндө канаттуу ракеталардын кеңири спектрин колдонуу менен ракеталык машыгууларды өткөрөт.
Машыгуулар 21–22-август күндөрү өтөт.
Бул тууралуу машыгуулар боюнча расмий өкүл, капитан Аббас Хасани билдирди.
“Ирандын аскер-деңиз күчтөрүнүн “Туруктуу күч” аттуу ракеталык машыгуулары алдыдагы эки күндүн ичинде Индия океанынын түндүк бөлүгүндө жана Оман булуңда өтөт. Ага суу үстүндөгү, суу алдындагы, учактык, жээктеги жана деңиздеги ракеталык бөлүктөр катышат”, — деген Хасанинин сөзүн ирандык Tasnim агенттиги келтирди.
Ал белгилегендей, алдыдагы машыгууларда Ирандын куралдуу күчтөрү ар кыл — кыска, орто жана алыс аралыктагы так канаттуу ракеталарды колдонуп, суу үстүндөгү буталарды жок кылууну машыгат. Ошондой эле маневрлерге учкучсуз учуучу аппараттар да колдонулат деп кошумчалады.















