Жакынкы күндөрү Иран армиясы миңдеген стратегиялык учкучсуз учактар менен толукталат.
Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын армиясынын басма сөз кызматы билдирди.
“Eurasia Today” маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, Иран Ислам Республикасынын армиясынын басма сөз кызматы бейшемби күнү расмий түрдө жакынкы күндөрдө армия бир миң стратегиялык учкучсуз учуучу аппараттар менен толукталарын расмий маалымдады.
Берилген маалыматка караганда, учкучсуз учуучу аппараттар Иран Ислам Республикасынын армиясы тарабынан Ирандын Коргоо жана Куралдуу Күчтөрдү колдоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан жана жасалган.















