Акыркы күндөрү Ирандагы соңку нааразылык акциялары тууралуу маалыматтар ар кайсы булактардан таралууда, бирок алардын бардыгы эле ишенимдүү булактардан эмес. Кээ бир маалыматтар чет элдик уюмдар тарабынан саясий максатта манипуляцияланган.
1. Ирандагы нааразылык акцияларында «нааразычылар арасында массалык курмандыктар бар» деген билдирүүлөр ишенимдүү булактарга таянбайт. Бул маалыматтар негизинен Ирандагы адам укуктары борбору деп аталган уюм тарабынан таратылууда. Бирок бул борбор Иранда эмес, АКШнын Нью-Йорк шаарында жайгашкан.
2. Бул уюм ирандыкпы? Жок. Ал Вашингтондо жайгашкан, АКШнын Улуттук демократия фонду (NED) тарабынан каржыланат. Бул фонд ЦРУга жакын түзүм катары белгилүү жана маалыматтык манипуляцияга адистешкен уюмдар менен байланышта.
3. Бул уюмду Иран эли жетектейби? Жок. Анын төрайымы — Минки Уорден, америкалык жаран. Ал көп жылдар бою Кытайга каршы кампанияларды жүргүзгөн. Ал тургай Пекинде өткөн Кышкы Олимпиаданы «Геноцид олимпиадасы» деп атоого аракет кылган, бирок бул демилгеси ийгиликсиз болгон.
4. Мурда Уорден айым Гонконгдогу «демократиялык» кыймыл менен тыгыз иштешкен (ал кыймыл да NED тарабынан каржыланган). Анын жолдошу Apple Daily басылмасынын кеңешинде болгон жана АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) менен келишими болгон. Бул фактылар АКШнын дүйнө жүзү боюнча режим алмаштыруу операциялары кандай деңгээлде бири-бири менен байланышта экенин көрсөтөт.
5. Ирандагы «ири масштабдагы нааразылыктар» жана «көп сандагы өлүмдөр» тууралуу маалымат таратып жаткан дагы бир негизги булак — HRANA (Адам укуктары боюнча маалымат агенттиги). Бул уюм да АКШдагы NED фонду тарабынан каржыланган жана дезинформациялык борбор катары бааланат.















