Ирандагы акыркы башаламандыктарда жана террордук актылардан кеминде 3117 адам каза болду.
Бул тууралуу Ирандын шейиттер жана ардагерлер фонду соттук-медициналык уюмдун маалыматтарына шилтеме жасап билдиргенин Tasnim маалымат агенттиги жазды.
Маалыматта курмандыктардын арасында жайкын тургундар да, коопсуздук күчтөрү да бар экени, террорчулардын ырайымсыз кол салуусунда каза болгондордун 2427си бейкүнөө жарандар жана коопсуздук күчтөрү болгонун айтылат. Калган 690у куралчан террорчулар жана башаламандык уюштуруучулар болгон.
Курмандыктардын арасында нааразычылык акциясынын катышуучулары гана эмес, кокусунан өтүп бара жаткандар да болгон.
Буга чейин массалык башаламандык учурунда 3700дөн ашык адам жаракат алганы кабарланган.
Ошондой эле башаламандыктарда террористтер ар кандай тармактарга чоң зыян келтиришкен:
- 314 мамлекеттик жайга кол салынып, талкаланган, ошондой эле 155 мамлекеттик жай өрттөлгөн;
- 399 банк талкаланып, 303ү өрттөлгөн;
- карапайым адамдарга таандык жеке менчик мүлктөргө 704 кол салуу жана талкалоо, ошондой эле адамдардын мүлкүнө өрт коюу боюнча 384 учур катталган;
- 8 провинциядагы 419 тармактык дүкөндөр филиалы тонолуп, талкаланып, өрттөлгөн;
- 253 автобус бекети талкаланган же өрттөлгөн;
- карапайым адамдарга таандык 24 май куюучу жай талкаланган же өрттөлгөн;
- карапайым адамдарга таандык 220 мотоцикл талкаланып, өрттөлгөн;
- 305 коомдук унаа талкаланып, өрттөлгөн;
- 749 полиция унаасы талкаланып, 90 унаа өрттөлгөн;
- 350 мечит жабыркап, 134 мечит өрттөлгөн;
- башка диний жайлардын 36сы талкаланып, 48и өрттөлгөн;
- өлкөнүн ар кайсы аймактарында 89 диний окуу жайы да талкаланган же өрттөлгөн.
Ирандагы нааразылык акциялары улуттук валюта — риалдын кескин арзандашынан улам башталган. Бул жагдай дүң жана чекене баалардын өсүшүнө, ошондой эле валюта курсунун туруксуздугуна алып келген.
8-январдан тарта тынч мүнөздөгү митингдер башаламандыктарга айланган. 1979-жылы тактан кулатылган шахтын уулу Реза Пехлеви жалданма демонстранттарды стратегиялык маанидеги көчөлөрдү жана объекттерди ээлөөгө үндөп, АКШнын президенти Дональд Трамптан кырдаалга кийлигишүүнү суранган.
Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Арагчинин айтымында, демонстранттардын арасына куралчан террорчулар кошулган. Айрым шаарларда митингдер коопсуздук күчтөрү менен кагылышууларга айланып, өлкө аймагында интернет иштебей калган.
Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан калкка экономикалык реформалар улантыларын убада кылып, баш аламандыктарды уюштурууда АКШ менен Израилди айыптады. 12-январда бийлик кырдаал көзөмөлгө алынганын билдирсе, эки күндөн кийин Тышкы иштер министри Аббас Аракчи баш аламандыктар толук токтогонун жарыялаган.















